Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-марты № 120
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 98 "Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери жөнүндө эл аралык келишимдердин алкагында түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 98 "Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери жөнүндө эл аралык келишимдердин алкагында түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула "2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасы менен аталган конвенцияларга катышкан мамлекеттердин ортосундагы жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам маселелери боюнча эки тараптуу эл аралык келишимдерге" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам бөлүгүндө 1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияны, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияны, Кыргыз Республикасы менен аталган конвенцияларга катышкан мамлекеттердин ортосундагы жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери боюнча эки тараптуу эл аралык келишимдерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат алуу маселелери боюнча документтерди тариздөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти;
- Кыргыз Республикасынын аймагында сот чечимдерин таануу жана аткаруу, көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймагында аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын сот органдарынын чечимдерин жиберүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча);
- мурастоо иштери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги.";
3) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасы менен 1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын жана 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын катышуучулары болуп эсептелбеген мамлекеттердин ортосундагы жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча укуктук жардам жөнүндө эки тараптуу эл аралык келишимдердин алкагындагы суроо-талаптарды аткарууда ушул токтомдун 3 жана 4-пункттары колдонулат деп аныкталсын.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |