Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VIII сессиясы
2022-жылдын 24-марты № 17
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Тоң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Борбодоевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Тоӊ айылдык кеӊеши токтом кылат:
1.10.02.2022-жылдагы №2 токтомдун №1 тиркемесинде көрсөтүлгөн мусор полигонун корууга каралган 100 000 сом, жашылдандырууга-15 000 сом, Сары-Талаа участогуна суу топтоочу темир бочка жылдырууга-25 000 сом жана көчө жарыктарын алмаштыруу үчүн каралган акча каражаттан 5000 сом, баардыгы 145 000 (бир жүз кырк беш миң) сом акча каражаты жайыт комитетине жылдырылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Тоӊ айыл өкмөтүнүн ФЭБ жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоң айылдык кеӊешинин бюджет жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Турдуев |
Жооптуу катчы м.а | Г.Мааданбекова |