Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VIII сессиясы
2022-жылдын 24-марты № 19
Чөп чабынды жана кайрак жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Тоң айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана турак жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жумашевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Тоӊ айылдык кеӊеши токтом кылат:
1.Тоң айыл аймагындагы жер үлүш алуучуларга чөп чабынды жана кайрак айдоо жерден үлүштөрүн бөлүп берүү жөнүндөгү Тоң айылдык кеңешинин 25.02.2021-жылдагы №14 токтому жокко чыгарылсын.
2. Тоң айыл аймагынын Кажы-Саз айылынын чөп чабынды, Бел тилкесиндеги кайрак айдоо жерлер жалпы элдик жыйында талкуулоонун негизинде Тоң айыл өкмөтүнүн карамагында калтырылсын.
3. Кажы-Саз айылындагы чөп чабынды жерлеринен 2(эки) гектардан, бир гектарына 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилип, ижарага берилсин, үлүш жер албагандарга жана түшүмдүүлүгү төмөн жер пайдалануучуларга жана социалдык абалдагы үй-бүлөлөргө артыкчылык каралсын.
4. Бел тилкесиндеги кайрак жерден 5(беш) гектардан жети жылдык мөөнөт менен 300(үч жүз) сом өлчөмүндө бекитилип, ижарага берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Тоӊ айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Турдуев |
Жооптуу катчы м.а | Г.Мааданбекова |