Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VIII сессиясы
2022-жылдын 24-марты № 22
Чарбалык башкарууга бекитип берүү жөнүндө
Тоң айыл аймагына караштуу Ак-Булун участогунун айыл башчысы Ж.Керимкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Тоӊ айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Ак-Булун участогундагы Төш тилкесиндеги айылдын муктаждыктарына пайдалануу үчүн көп жылдык мөмө жемиш бактарды отургузуу үчүн 3(үч) гектар өлчөмүндөгү жерди 15 (он беш) жылдык мөөнөткө чарбалык башкарууга берилсин жана 7(жети) жылдан кийин ижара акысы каралсын.
2. Чарбалык башкарууну уюштуруу жана айыл тургундардын макулдугу менен бир адамды бекитип берүү жагы суралсын жана милдеттүү адамга жердин айланасын коруу, көчөттөрдү отургузуу жана убагында сугаруу иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин..
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Тоӊ айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоң айылдык кеӊешине тапшырылсын.
Төрага | Ж.Турдуев |
Жооптуу катчы м.а | Г.Мааданбекова |