Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 18-марты № 100-т
Агрардык секторго мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 120-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 4-пункттагы "Айыл чарба" деген сөздөр "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 173-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пункттун 1-пуктчасындагы "5100000000,0 (беш миллиард жүз миллион)" жана "1900000000,0 (бир миллиард тогуз жүз миллион)" деген сөздөр тиешелүү түрдө "4100000000,0 (төрт миллиард жүз миллион)" жана "2900000000,0 (эки миллиард тогуз жүз миллион)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору
1. Жалпы жоболор
1. "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, экспорттук потенциалды өстүрүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жеңилдетилген кредит берүү, ислам принциптери боюнча лизинг берүү жана каржылоо жолу менен агроөнөр жай кластерлерин: сүт, эт, кант, тоок жумурткасы, жашылчалар жана бакча өсүмдүктөрү, жемиштер жана мөмөлөр, картошка, өсүмдүк майы, дан өсүмдүктөрү, жүгөрү, жүзүмзар, балык, пахта, жүн жана тери, бал, буурчак өсүмдүктөрү, жаңгак мөмөлүү өсүмдүктөрү (грек жаңгагы жана токой продукциясынын башка түрлөрү) жана органикалык өндүрүштү өнүктүрүү аркылуу агрардык сектордун чарбакер субъекттерин колдоого багытталган иш-чараларга дем берүү болуп эсептелет.
2. Долбоордо колдонулуучу аныктамалар:
1) агроөнөр жай кластери (кластердик бирикме) - ыктыярдуу бирикме, анын катышуучулары болуп айыл чарба (агроазык-түлүк) товар өндүрүүчүлөрү, агроөнөр жай ишканалары (кайра иштетүү ишканалары жана соода-логистикалык борборлор), экспортко багытталган ишканалар жана субконтракторлор саналат, алар чийки затты өндүрүүдөн тартып даяр продукцияны сатууга чейин бирдиктүү кайра өндүрүү процессине, анын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн бардык стадияларына катышат;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Кластердик өнүктүрүү кеңеши (мындан ары - Кеңеш) - Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай кластердик саясаты жаатындагы туруктуу иштөөчү кеңешүүчү коллегиалдуу эксперттик-консультациялык орган;
3) Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кластерлеринин реестри (мындан ары - Реестр) - Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кластердик бирикмелеринин маалыматтык базасы. Реестрди түзүү жана жүргүзүү боюнча жооптуу жак болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эсептелет. Реестр маалыматты актуалдаштыруу, системалаштыруу, кластердик бирикме түзүү жөнүндө макулдашуунун жана колдоо чараларын иштеп чыгуу үчүн иштин мониторингинин негизинде расмий тариздөө максатында түзүлөт. Реестр Кеңеш тарабынан бекитилет, ал эми Кластердик бирикменин катышуучуларынын реестри кластердик бирикмелердин өздөрү тарабынан берилет;
4) айыл чарба (агроазык-түлүк) товар өндүрүүчү - жеке көмөкчү чарба жүргүзгөн, айыл чарба, балык өстүрүү, агротокой өстүрүү продукцияларын өндүргөн жеке же юридикалык жактар;
5) агрегатор - агроөнөр жай кластериндеги негизги звено (кайра иштетүү ишканалары жана/же соода-логистикалык борборлор), ал продукцияны консолидациялоо, продукциянын абалын өзгөртүү (кайра иштетүү жана/же сорттоо жана/же таңгактоо), аны формалдаштыруу (сертификациялоо) жана продукцияны илгерилетүү (маркетинг жана сатуу) боюнча операцияларды андан ары кошумча нарк чынжырчасы боюнча жүзөгө ашырат, ошондой эле региондук продуктунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана кластер курулган терең кайра иштетүү даражасын жогорулатуу боюнча иш;
6) соода-логистикалык борбор (мындан ары - СЛБ) - айыл чарба продукциясын алдын ала кайра иштетүү жана/же сорттоо жана/же таңгактоо жана/же сактоо мүмкүнчүлүгү менен аны кийин айыл чарба жана башка рынокторго жеткирүү менен консолидациялоо жүргүзүлүүчү ишкана;
7) субконтракторлор - агроөнөр жай кластеринин агрегаторлору же айыл чарба (агроазык-түлүк) товар өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба чөйрөсүндөгү товарларды же кызматтарды көрсөтүүчү жеке же юридикалык жактар, анын ичинде жеткирүүчүлөр, билим берүү жана илимий-изилдөө институттары, жогорку окуу жайлары жана башка субъекттер;
8) кошумча нарк чынжыры - өндүрүштүн ар кандай этаптары аркылуу анын концепциясынан тартып (физикалык өзгөрүүлөрдүн комбинациясын жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн өкүлдөрүнүн салымын кошуп), акыркы керектөөчүгө жеткирүү жана сатуудан кийинки кызмат көрсөтүүлөргө чейин продуктту же кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон иштин толук ассортименти;
9) органикалык өндүрүштүн кластери - бул Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин күбөлүгүнүн негизинде иш жүргүзгөн жана/же органикалык өндүрүшкө эл аралык сертификаттары бар айыл чарба субъекттерин камтыган бирикме.
3. Долбоордун наркы - 17 млрд. сом.
4. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - револьвердик негизде ушул Долбоордун 12-пунктунда белгиленген кредиттерди карыз алуучулар тарабынан кайтаруу мөөнөттөрүндө чектөөлөрсүз.
5. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2022-жылдын майы.
6. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, "Айыл Банк" ачык акционердик коому (мындан ары - ААК) жана "РСК Банк" ААК.
2. Долбоордун баяндалышы
7. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында кредиттик каражаттар "Айыл Банк" ААК жана "РСК Банк" ААК (мындан ары - катышуучу банктар) тарабынан айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө, агроөнөр жай ишканаларына, экспортко багытталган ишканаларга жана субконтракторлорго берилет.
8. Агрардык сектордун чарбакер субъекттери, анын ичинде жаңы түзүлгөн тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары банктык мыйзамдарга жана катышуучу банктардын талаптарына ылайык ушул Долбоор боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алууга укуктуу агроөнөр жай кластерлеринин катышуучулары боло алышат.
9. Кредиттерди тандоо жана берүү тартиби ушул Долбоордун талаптарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана коммерциялык банктардын ички жол-жоболук документтерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Кредит алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кеңештин сунуштамасы боюнча катышуучу банктардын биргелешкен буйругу менен бекитилет.
Катышуучу банктар бул Долбоордун алкагында жеңилдетилген кредиттерди алууга жана лизингди тариздөөгө катышуучулардын өтүнмөлөрүн артыкчылыктуу тартипте карап чыгышат. Катышуучу банктар сураган документтердин толук пакетин тапшырууда жеңилдетилген кредит кароо жана берүү процесси 500,0 миң сомго чейинки көлөмдө 15 календардык күндүн ичинде, 5,0 млн. сомго чейин - 25 календардык күндүн ичинде, 5,0 млн. сомдон жогору - 45 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
10. Берилген кредиттерди кайтаруу боюнча бардык тобокелдиктерди катышуучу банктар тартат.
11. Каражаттарды бөлүп берүү ушул Долбоордун 1-пунктунда көрсөтүлгөн агроөнөр жай кластерлери үчүн жүзөгө ашырылат, жалпы суммасы 17,0 млрд. сом.
17,0 млрд. сом өлчөмүндөгү жалпы сумма төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт:
- 12,8 млрд. сом - агроөнөр жай кластерлеринин ортосунда бөлүштүрбөстөн, 18 кластер үчүн;
- 4,2 млрд. сом - айыл чарбалык, ирригациялык, сугат жана атайын техникаларды, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын, агроөнөр жай жана фермердик жабдууларды, сугат максатында скважиналарды бургулоо үчүн бургулоо жабдууларын, насостук станцияларды, ресурс үнөмдөөчү/жашыл технологияларды, жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана канаттууларды лизингге алууга.
Агрегатордун төлөө жөндөмдүүлүгү сакталган шартта бир эле мезгилде эки жана/же андан көп кластерлерде агрегатор болуп саналган кайра иштетүүчү ишканаларга жана соода-логистикалык борборлорго 300,0 млн. сомдон ашпаган же ага барабар суммадагы кредиттерди алууга жол берилет.
12. Кредит берүү төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат:
1 | Максаттуу багыты | Чарбакер субъекттерге - агроөнөр жай кластеринин катышуучуларына жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу жана айыл чарба техникасын, агроөнөр жай жабдууларын, асыл тукум жаныбарларды жана канаттууларды лизингге берүү жолу менен колдоо көрсөтүү |
2 | Категориялар үчүн кредит берүүнүн өлчөмү жана мөөнөтү | 1) айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана субконтракторлору үчүн: - күрөөсүз негизде 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен 300,0 миң сомго чейин; - күрөөлүк камсыздоо менен 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен 500,0 миң сомго чейин; - күрөөлүк камсыздоо менен 60 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен 5,0 млн. сомго чейин; 2) үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктери, ошондой эле малды бордоп семиртүү, тоют даярдоо жана буудай өстүрүү менен алектенген айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн - күрөөлүк камсыздоо менен 60 айлык мөөнөткө 50,0 млн. сомго чейин; 3) кластердин агрегаторлору үчүн - күрөөлүк камсыздоо менен 60 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен 150,0 млн. сомго чейин; 4) кант кластеринин агрегаторлору үчүн - күрөөлүк камсыздоо менен 60 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен 300,0 млн. сомго чейин; 5) бир эле мезгилде эки жана/же андан көп кластерлерде агрегатор болгон агрегаторлорго катышуучу болуп саналган кластерде күрөөлүк камсыздоо менен 60 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен жалпы суммасы 300,0 млн. сомдон ашык эмес же ага барабар суммада кредит алууга жол берилет |
3 | Лизингдин шарттары | Лизингдин суммасы: - айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана субконтракторлор үчүн - 30,0 млн. сомго чейин; - кластердин агрегаторлору үчүн - 300,0 млн. сомго чейин. Лизингдин мөөнөтү - 84 айга чейин айыл чарба, ирригациялык, сугат жана атайын техниканы, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын, агроөнөр жай жана фермердик жабдууларды, сугат максаттарында скважиналарды бургулоо үчүн бургулоо жабдууларын, насостук станцияларды, ресурс үнөмдөөчү/жашыл технологияларды, жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана канаттууларын лизингге алууга 10 пайыздан кем эмес алгачкы төгүмдү төлөө шартында |
4 | Лизингдин предметин камсыздандыруу | Лизинг предмети кардар тарабынан мүмкүн болуучу зыяндын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде өлүм, жоготуу, бузулуу, мөөнөтүнөн мурда эскирүү тобокели менен байланышкан зыяндан камсыздандыруу компанияларында камсыздандырылууга милдеттүү |
5 | Агрегаторлор үчүн кайра каржылоонун шарттары | Берилүүчү кредиттин суммасынын 50 пайызынан ашык эмес |
6 | Категориялардын негизги мүнөздөмөлөрү жана кредит алуу шарттары | Агроөнөр жай кластерлеринин бардык катышуучулары үчүн талаптар: - Кыргыз Республикасынын резиденти болууга тийиш; - агрегатор кластердик бирикменин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде агроөнөр жай кластеринин мүчөсү болууга жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында тиешелүү түрдө катталууга тийиш |
7 | Акыркы пайыздык ставка | Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен жылына 6 пайыз |
8 | Жеңилдетилген мезгил | Карыздын негизги суммасын төлөөдөн толук бошотуу - 24 айга чейин |
9 | Айыптык санкциялар | Катышуучу банктар: - кредиттик каражаттарды карыз алуучулар максатсыз пайдалангандыгы аныкталган учурда, кредитти максатсыз пайдалануу аныкталган күндөн тартып жылына 30 пайызды белгилөө менен кредит боюнча пайыздык ставкаларды көбөйтүү жолу аркылуу финансылык санкцияларды колдонот же карыз алуучудан карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу; - агрегаторлор же фермерлер тарабынан кластерде катышуучулардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттенмелердин аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы аныкталган учурда, бул карыз алуучу боюнча кредит берилген күндөн тартып жылына 30 пайызды белгилөө менен кредит боюнча пайыздык ставкаларды көбөйтүү жолу аркылуу аларга финансылык санкциялар колдонулат |
3. Кредит берүү шарттары
13. Агрегаторлорду кошпогондо, айыл чарба субъекттери үчүн кредит алуунун негизги шарттары:
1) 500,0 миң сомдон жогору кредит алган айыл чарба товар өндүрүүчүлөр жана субконтракторлору үчүн - агроөнөр жай кластерлеринин жетекчилери берген тизмеге ылайык продукцияларды жеткирүүгө же кызмат көрсөтүүгө же болбосо соода-логистикалык борборлор менен келишимдин болушу, ал эми 500,0 миң сомго чейинки өлчөмдө кредит алган көрсөтүлгөн субъекттер үчүн - жеткирүүгө же кызмат көрсөтүүгө келишимдин болушу талап кылынбайт;
2) үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалары жана мөмө-жемиш питомниктери үчүн - агрегаторлорго жеткирүүгө келишимдин болушу талап кылынбайт;
3) органикалык өндүрүш жана тоок жумурткасы кластерлеринин субъекттери үчүн - агрегаторлорго жеткирүүгө келишимдин болушу талап кылынбайт.
14. Кластердик бирикмелердин агрегаторлоруна карата негизги талаптар:
1) салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын жоктугу, оң кредиттик тарыхтын болушу;
2) юридикалык жак катары каттоонун болушу, юридикалык жакты каттоодо/кайра каттоодо же анын уюштуруу-укуктук формасын өзгөртүүдө катышуучу банктар кардардын мурдагы тажрыйбасын эске алышы мүмкүн. Өзгөчө учурларда жаңы түзүлгөн ишканалар, анын ичинде стартаптар, Кеңештин негиздүү сунуштамасынын негизинде, кирешенин башка тастыкталган булактары болгон учурда;
3) пландалган жумуш орундарынын санын, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдүн көлөмүн көрсөтүү менен бизнес-планды берүү;
4) экспорттук контракт болгондо (саны, суммасы, көлөмү) айыл чарба продукциясын экспорттоочуларга артыкчылыктуу тартипте бөлүп берүү;
5) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" жана "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга түздөн-түз таандык компанияларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына кредиттик каражаттарды бөлүп берүүгө тыюу салуу.
4. Кредиттик каражаттардын максаты
15. Бул Долбоордун алкагында кредиттик каражаттар агроөнөр жай кластерлери боюнча төмөнкү максаттарга берилет:
- айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү, объектти куруу жана модернизациялоо үчүн зарыл болгон негизги жана жүгүртүү каражаттарын, анын ичинде айыл чарба жаныбарларын, канаттууларды, балыктарды жана аарыларды, ошондой эле өсүмдүк майын, унду жана кантты өндүрүү үчүн импорттук сырьену сатып алуу;
- чарбанын инфратүзүмүн түзүү (куруу жана жаныбарларды багуу шарттарын жакшыртуу, тоют өндүрүүнү, силостук чуңкурларды, ирригация системасын (скважиналарды бургулоо, сугаруу үчүн ирригациялык түтүктөрдү, жамгырталып-тамчылатуучу системаны салуу), ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды, энергиянын альтернативдүү булактарын, асыл-тукум, үрөн ишинин, питомниктердин, күнөскана чарбасынын алдынкы технологияларын киргизүү, органиканы сертификаттоо, электр менен жабдууну камсыздоо, тез курулуучу кампаларды, тосмолорду куруу);
- асыл тукумдук жана үрөндүк жаңылоо, көчөт материалын (көчөттөрдү), айыл чарба багытындагы жабдууларды сатып алуу.
16. Лизингдин багыты:
1) лизинг берүүнүн максаттуу тобу айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү, кайра иштетүүчү ишканалар жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагындагы ишканалар болуп саналат;
2) лизинг төмөнкү максаттарга берилет:
- айыл чарба, ирригациялык, сугат жана атайын техникаларды, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын, агроөнөр жай жана фермердик жабдууларды сатып алууга;
- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жабдууларды сатып алууга;
- тамчылатып сугаруу системаларын жана жамгырлатуу машиналарын, сугат максатында скважиналарды бургулоо үчүн бургулоочу орнотмолорду, насостук станцияларды сатып алууга;
- жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана канаттууларын сатып алууга;
3) лизинг боюнча күрөөлүк камсыздоо:
- айыл чарба техникасы түрүндөгү лизингдин наркынан 10 пайызы өлчөмүндө баштапкы төгүм төлөнгөндө лизингдин предмети өзү төлөө кепилдиги болуп саналат;
- агроөнөр жай жабдуулары жана жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарлары жана канаттуулары түрүндөгү лизингдин наркынын 10 пайызы өлчөмүндө баштапкы төгүм төлөнгөндө лизингдин предмети өзү төлөө кепилдиги болуп саналат;
4) лизинг берүүгө каралган каражаттардын көлөмү 4,2 млрд. сомду түзөт, анын ичинен:
- 3,6 млрд. сом - айыл чарба, ирригациялык, сугат жана атайын техникаларды, айыл чарба багытындагы авто транспорт каражаттарын, агроөнөр жай жана фермердик жабдууларды, сугат максатында скважиналарды бургулоо үчүн бургурлоо жабдууларын, насостук станцияларды, ресурс үнөмдөөчү/жашыл технологияларды лизингге алууга, анын ичинде:
2,8 млрд. сом - "Айыл Банк" ААК;
800,0 млн. сом - "РСК Банк" ААК;
- 600,0 млн. сом - жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана канаттууларды, анын ичинде:
400,0 млн. сом - "Айыл Банк" ААК;
200,0 млн. сом - "РСК Банк" ААК;
5) лизингдин предмети кардар тарабынан мүмкүн болгон зыяндын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде өлүү, жоголуу, бузулуу жана ооруу тобокелдигине байланышкан зыяндан камсыздандырылууга тийиш;
6) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" жана "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына түздөн-түз таандык болгон компанияларга лизингди бөлүп берүүгө тыюу салуу.
4.1. Кайра каржылоо шарттары
17. Катышуучу банктар ушул Долбоорду ишке ашыруунун алкагында кредиттик каражаттардын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашык эмесин жакшы кредиттик таржымалга ээ болгон шартта керектөөчүлүк жана ипотекалык кредиттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алынган агрегаторлордун мурунку кредиттери боюнча карыздарын кайра каржылоого жумшай алышат. Ошол эле учурда ар бир карыз алуучуга берилүүчү кредиттин суммасынын 30 пайызынан ашык эмесин кайра каржылоо каралат.
Өзгөчө учурларда Кеңештин негизделген сунуштамасынын негизинде бир агрегаторго берилүүчү кредиттин суммасынын 50 пайызынан ашык эмесин кайра каржылоо каралат.
18. Катышуучу банктар "Агроөнөр жай комплексине кредит берүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында мурда алынган кредит боюнча агрегаторлордун карыздарын кайра каржылоого укуксуз.
4.2. Агроөнөр жай кластерлеринин катышуучуларынын кредитти камсыз кылуу шарттары
19. Камсыздоо төмөнкү шарттарда берилет:
1) катышуучу банктар "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдигин жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кепилдиктерин кошумча камсыздоону бербестен камсыздоо катары тааный алышат;
2) катышуучу банктар кредитти камсыздоодо уюштуруучулардын жана үчүнчү жактардын кепилдиктерин кабыл ала алышат;
3) кластердик агрегаторлор коюуга укуктуу, ал эми катышуучу банктар кредитти камсыздоо катары чыгарылган тез бузулбай турган айыл чарба продукциясын кабыл ала алышат;
4) катышуучу банктар кредитти камсыздоо катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын кампа тил каттарынын реестрине киргизилген же ырасталган карыз алуучулардын кампа тил каттарын кабыл ала алышат;
5) кластердик агрегатордун акыркы 3 жыл ичиндеги туруктуу акча агымы болгон учурда катышуучу банктар кредитти камсыздоо катары эгерде бардык эсептешүү каражаттары кредит берген банкта тейлене турган болсо, акцептсиз алуу келишиминин негизинде алардын жүгүртүү каражаттарын (реалдуу акча агымдарын) кабыл ала алышат;
6) катышуучу банктар кредитти камсыздоо катары курулуп жаткан өндүрүштүк объектини, анын ичинде өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес жайларды, ошондой эле агроөнөр жай жабдууларын жана пайдаланылуучу күнөскана жабдууларын кабыл ала алышат.
7) жеке менчикте турган курулушка сатып алынган жер участогу;
8) катышуучу банктардын ички ченемдик документтерине ылайык камсыздоонун башка түрлөрү.
Бул Долбоор боюнча күрөө коэффициенти күрөө мүлкүнүн рыноктук наркынын 80%ы өлчөмүндө аныкталат.
4.3. Кластердин катышуучуларына кредит берүүнүн кошумча шарттары
20. Бул Долбоордо артыкчылык болуп төмөнкүлөр менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер эсептелет:
- айыл чарба багытындагы өздөштүрүлбөгөн жана күрдүүлүгү төмөн жерлерди жана жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жана көрсөтүлгөн жерлерде агротокой чарбасын, багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү мүмкүндүктөрү менен;
- айыл чарба продукциясына байкоо жүргүзүүнү жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн электрондук коммерция элементтери менен айыл чарбасында санариптик технологияларды киргизүү менен;
- көлмөлөрдүн жана суу сактагычтардын акваторияларынын базасында балык өндүрүүнү уюштуруу жана кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде балык продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча инфраструктураны түзүү менен;
- айыл чарба продукциясын терең тоңдуруу жана сублимациялык кургатуу технологияларын киргизүү менен;
- агроилимди, мамлекеттик сорт сыноо участокторун жана мамлекеттик асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин иштеп чыгуу менен;
- айыл чарбасында кооперацияны өнүктүрүү жолу менен майда товардык өндүрүштү жеңүү менен;
- айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы улуттук экологиялык, органикалык стандарттарды жана ченемдерди, ошондой эле эл аралык стандарттарды, айыл чарба жана тамак-аш продукцияларынын сапат жана коопсуздук системаларын (Global GAP, HACCP, ISO, FSSC 2200, "Халал", "Органикс") киргизүү менен;
- пахтаны, жүндү жана терини терең иштетүү менен.
4.4. Катышуучу банктар үчүн кредиттөөнүн кошумча шарттары
21. Катышуучу банктар бул Долбоор боюнча револьвердик негизде кредиттерди берүүгө укуктуу.
Катышуучу банк тарабынан кредиттик линиянын лимити кредиттик линиянын лимити бекитилет, кредиттик линиянын мөөнөтү 60 айга чейин, кредиттик линиянын жеткиликтүүлүк (өздөштүрүү) мөөнөтү - 54 айга чейин (иштин түрүнө жараша) белгиленет. Ошол эле учурда транштын негизги суммасын төлөө транш бирдей үлүштөр менен берилгенден кийин 12 айдан кийин, пайдалангандыгы үчүн пайыздар кредит берилген учурдан тартып ай сайын же квартал сайын жүзөгө ашырылат.
Кредиттин мөөнөтүн кредитти пайдалануунун белгиленген мөөнөтүнөн ашык узартууда кредит боюнча пайыздык ставка Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жылдык 10 пайыздан ашпаган өлчөмдө белгиленет.
22. Кредит берүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
кластердин агрегаторлоруна - түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык карыз алуучунун эсебине акча каражаттарын которуу аркылуу;
фермерлерге - накталай же которуу аркылуу;
багбанчылык менен алектенген фермерлерге көчөт материалдарын сатып алуу үчүн - алынган кредиттин суммасынын 70 пайызынан кем эмес өлчөмдө акча каражаттарын ата мекендик өндүрүүчүнүн эсебине которуу аркылуу.
Агрегаторлор, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жана субконтракторлор тарабынан башка фонддордон жана финансы-кредиттик уюмдардан каржылоо болгон учурда, ушул Долбоордун алкагында параллелдүү каржылоону алууга жол берилет.
5. Долбоорду ишке ашыруунун сыпаттамасы
23. Катышуучу банктар "Агроөнөр жай комплексине кредит берүү" долбоору күчүнө киргенден кийин он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кредит берүүнүн көлөмүн көрсөтүү менен каражаттарды берүүгө өтүнмө берет.
24. Долбоордун ишке ашырылышы жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында катышуучу банктар жалпыга маалымдоо каражаттарында, маалымат такталарында жана өздөрүнүн расмий сайттарында кредит берүүнүн шарттарын, ошондой эле кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган убакыт мезгилин жарыялайт. Кредитке өтүнмөлөр коммерциялык банктардын өтүнмөлөрүн эсепке алуунун өзүнчө электрондук журналында катталууга тийиш.
25. Катышуучу банктарды капиталдаштырууга каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан которулат.
26. Катышуучу банктардын кредиттик иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
6. Агроөнөр жай кластерлерин колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын эсебин жүргүзүү жана аларды максаттуу пайдалануу
27. Долбоордун катышуучуларын андан ары каржылоо үчүн уставдык капиталды капиталдаштырууга каражаттарды алган катышуучу банктар келип түшкөн каражаттарды револьвердик негизде андан ары кредит берүү үчүн гана пайдаланууга милдеттүү.
28. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы катышуучу банктарга берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышына жалпы мониторинг жүргүзөт.
29. Коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Тобокелдиктер жана коркунучтар
30. Кредиттик тобокелдикти минималдаштыруу катышуучу банктар тарабынан жүзөгө ашырылат.
31. Табигый катаклизмдердин коркунучу жана форс-мажордук жагдайлардын болушу:
1) карыз алуучулар тарабынан форс-мажордук жагдайларга, табигый катаклизмдерге байланыштуу кредиттердин кайтарылбай калуу тобокелдиги пайда болгон учурда катышуучу банктар аны минималдаштыруу боюнча өз алдынча чараларды көрүшөт;
2) катышуучу банктар тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында карыз алуучу тарабынан камсыздандыруу тууралуу чечим кабыл алышы мүмкүн.
8. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү
32. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг катышуучу банктар тарабынан төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) кредит алган учурдан тартып 2 айдын ичинде карыз алуучулар кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчетторду берүүгө тийиш;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет алгандан кийин 3 (үч) айдын ичинде текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө отчет түзүү менен жеринде мониторинг жүргүзүүгө тийиш.
Карыз алуучулар катышуучу банктарга кредиттин максаттуу пайдаланылышын ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүгө милдеттүү:
1) жүгүртүү каражаттарына:
- сатып алынган малдын же тоюттун наркын көрсөтүү менен сатуучунун паспортунун көчүрмөсүн тиркөө (сатуучу жеке жак болгон учурда) менен жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн малды сатып алуу/сатуу келишиминин/контракттын көчүрмөсү;
- Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасында (ЖИКС) сатып алынган малдын катталгандыгын күбөлөндүрүүчү документ;
- сатып алуу/сатуу келишими;
- сатып алуу актысы;
- эсеп-фактура;
- коштомо кагаз;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (айыл өкмөтү) маалымкаттар;
- ветеринарлардын маалымкаты;
2) кызматтарды көрсөтүүгө:
- кызматтарды көрсөткөн адамдардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн кызмат көрсөтүү келишими;
3) модернизациялоого, курууга, негизги каражаттарды сатып алууга:
- кыймылсыз мүлктү сатып алууда же модернизациялоодо - сатып алуу баасын көрсөтүү менен сатып алуу/сатуу келишими же курулушта, модернизациялоодо кызматтарды көрсөтүү келишими (аткарылган иштердин актысы жана чыгымдалуучу материалдарга сатып алуу актылары);
- жабдууларды сатып алууда - төлөө документи менен ырасталган наркын көрсөтүү менен сатып алуу-сатуу келишими (төлөм тапшырыгы, квитанция, которууга арыз);
- транспорт каражаттарын сатып алууда - кардарга кайра таризделген менчик укугун ырастоочу документ.
33. Эгерде:
1) кредит алуу менен агротехникалык иш-чараларды жүргүзүүнүн оптималдуу мезгилинин ортосунда мөөнөттөрдүн ажырымы болсо, кредит берилген күнгө чейин эки айдан эрте эмес күнү таризделген актоочу документтерди кабыл алууга жол берилет;
2) жеке жак статусуна ээ болгон адамдардын ортосундагы үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди, КММ сатып алуу-сатуу бүтүмдөр, ошондой эле техника кызматтарын көрсөтүү боюнча бүтүмдөр жасалса актоочу документ тил катта паспорттук маалыматтарды, сатылган үрөндөрдүн санын, сортторун же башка продукцияларды/кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү менен сатуучунун акча каражаттарын алгандыгы жөнүндө тил катын милдеттүү түрдө тиркөө менен сатып алуу-сатуу контракты/келишими же кызматтарды көрсөтүүгө контракт/келишими болушу мүмкүн.
Кредиттин негизги тармактык багытынын алкагында алынган кредиттин 80 пайызын жана андан ашыгын пайдалануу кредитти максаттуу пайдалануу болуп таанылат. Каражаттарды кредит келишиминде көрсөтүлбөгөн максаттарга пайдаланууга карыз алуучунун чарбасын (бизнесин) өнүктүрүүгө жумшалган шартта 20 пайыздан ашпаган өлчөмдө жол берилет. Негизги тармактык багыт бир тармактын чегинде кредиттик салымдарды алмаштырууну карайт.
9. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
34. Агрегаторлордун кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануусун талдоо жана баалоо максатында катышуучу банктар жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчеттук жылдын 31-декабрына карата маалыматты төмөнкү критерийлер боюнча беришет:
- түзүлгөн орундардын саны;
- берилген кредиттердин көлөмү;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын кубаттуулугун көбөйтүү;
- салыктык чегерүүлөр;
- дүң продукциянын көлөмүн көбөйтүү;
- экспорттун көлөмү;
- фермерлерди камтуунун толуктугу.
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жана субконтракторлору тарабынан кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугунун критерийлери жана баалоо кластердик бирикмелер тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине отчеттук жылдын 31-декабрына карата маалымат түрүндө берилет.
35. Катышуучу банктар берилген кредиттер жөнүндө маалыматты (субъекттер боюнча) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине маалымат үчүн (купуя) квартал сайын берип турат.
36. Кластердик бирикмелер квартал сайын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине карыз алуучунун жана кластердин экономикалык көрсөткүчтөрүнө кредиттердин таасири жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турат.
37. Долбоордун натыйжалуулугун талдоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жыл сайын Долбоорду ишке ашыруу башталгандан кийинки жылдын 1-июлуна чейин ал толук аяктаганга чейин берилет.