Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын X сессиясы
2022-жылдын 26-июлу №38
ВАЗ-21 нива авто машинасы жөнүндө
Тоң айылынын тургуну Акматов Бакыттын ВАЗ-21-07 авто машинасын “Кайнар” СПАсына ВАЗ-21 нива үлгүсүндөгү авто машинесине башма баш алмаштырган “Кайнар” СПАсынын советинин протоколун бекитип берүү боюнча сунушун угуп, талкуулап Тоӊ айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. “Кайнар” СПАсы ВАЗ-21 нива үлгүсүндөгү авто машинасын ВАЗ-21-07 авто машинасын башма баш алмаштырган “Кайнар” СПАсынын советинин 29.03.2019-жылдагы №2 протоколу бекитилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы “Кайнар” СПАсына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоң айылдык кеӊешине тапшырылсын.
Төрага | Ж.Турдуев |
Жооптуу катчы | А. Жумашев |