Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 27-сентябры №51
Тоң айылындагы №3 мектепке чейинки билим берүү уюмунун азык-түлүк үчүн ата-энелерден чогултулуучу взносту кароо жөнүндө
Тоң айылынын №3 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси К. Эгембаеванын азыркы убакытта азык түлүк кымбаттаганына байланыштуу балдардын тамак ашына төлөнүүчү бир айлык взнос акчаны көтөрүү боюнча ата энелер чогулушунда кабыл алынган взнос акчаны 1000 (бир миң) сомго бекитип берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тоң айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Тоң айылынын №3 мектепке чейинки билим берүү уюмунун 15.09.2022-ж ата-энелер менен болгон чогулушундагы №1 протоколдук чечиминин 2- пункутунун негизинде балдардын тамак ашына деп чогултулуучу взнос акча 1000 (бир мин) сомго бекитилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Тоң айылындагы №3 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси К.Эгембаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоң айыл аймагынын айылдык кеңешине жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Турдуев |
Жооптуу катчы | А. Жумашев |