Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 420 токтомуна) |
1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо ай сайын акчалай компенсациялардын өлчөмүн аныктайт жана дайындоонун тартибин белгилейт.
2. "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына ай сайын акчалай компенсациялар берилет.
3. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда КМШ чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары аскердик билетинде жазуу болсо ай сайын акчалай компенсацияга (мындан ары - ай сайын компенсация) укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгы менен аныкталган бир нече негиздер боюнча ай сайын компенсацияга укуктуу адамдарга ай сайын компенсация алуу үчүн бир гана негизди тандоого укук берилет.
2. Ай сайын компенсацияны дайындоо үчүн зарыл документтер
5. Ай сайын компенсацияны дайындоого арыз Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - ЭСКММ) аймактык бөлүмүнө ЭСКММ бекиткен форма боюнча арыз ээсинин жашаган жерине карабастан, кайрылган жери боюнча берилет.
Арызга ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер тиркелүүгө тийиш.
6. Ай сайын компенсацияны дайындоо үчүн төмөнкүдөй документтерди тапшыруу керек:
- арыз ээсинин паспорту;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин архивдик маалымкаты (аскер кызматчысынын 1993-жылдан баштап 1999-жылга чейинки мезгилде тажик-афган мамлекеттик чек ара участокторун кайтарууга катышкандыгын ырастаган документ).
7. Документтердин көчүрмөлөрү милдеттүү түрдө анын түп нускасы менен текшерилет жана аларды идентификациялоо фактысын ырастоо менен (түп нускага дал келүүсүн) ЭСКММдин аймактык бөлүмүнүн адиси тарабынан виза коюлат, аймактык бөлүмдүн гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
8. Ай сайын компенсацияны дайындоого арызды каттоо ЭСКММдин аймактык бөлүмдөрүндө документтердин толук топтому болгондо гана жүргүзүлөт.
3. Ай сайын компенсация дайындоо тартиби жана ай сайын компенсация төлөөнү токтотуунун шарттары
9. Ай сайын компенсацияны дайындоо арыз берүү принциби боюнча ЭСКММнин аймактык бөлүмдөрү тарабынан арыз ээсинин жашаган жерине карабастан, кайрылган жери боюнча арыз ээсинин ай сайын компенсация алуучу катары ЭСКММнин аймактык бөлүмүндө катталган күнүнөн тартып кийинки айдын биринен тартып жүргүзүлөт.
10. Иштөө же окуу үчүн республиканын чегинен тышкары узак убакытка кетип жаткан ай сайын компенсация алуучулар үчүн ай сайын компенсация алууга укугу сакталат.
Ай сайын компенсация алуучу (мындан ары - алуучу) өзүнүн убактылуу жок болгон мезгилине башка адамга бир жылдан ашпаган мөөнөткө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берүү менен ага ай сайын компенсация алуу үчүн ыйгарым укук берүүгө милдеттүү. Алуучу ишеним катты тариздебестен чыгып кеткен учурда ай сайын компенсацияны төлөө жүргүзүлбөйт.
Республиканын чегинен тышкары жүргөн алуучу каза болгон учурда ал үчүн ай сайын компенсация алууга ыйгарым укуктуу адам бул тууралуу алуучу каза болгон күндөн тартып 2 айдын ичинде ЭСКММдин аймактык бөлүмүнө маалымдоого милдеттүү.
Мында ашыкча төлөнгөн сумма ишенимдүү адам тарабынан калыбына келтирилет. Макул болбогон учурда калыбына келтирүү маселеси соттук тартипте чечилет.
11. Алуучунун республика ичиндеги жашаган жери алмашканда ал жаңы жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен ЭСКММдин аймактык бөлүмүнө аны эсептен чыгаруу жөнүндө арыз берет. Аймактык бөлүм алуучунун арызынын негизинде аны эсептен чыгарат жана алуучунун ай сайын компенсацияга укугун ырастоочу документтерин алуучунун жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө өткөрүп берет. Алуучунун жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүм мурдагы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөн алынган маалыматтардын негизинде ай сайын компенсация төлөөнү кайрадан жаңыртат.
Алуучуну аймактык бөлүмдөн эсепке алуудан чыгарган учурда алуучу жаңы жашаган жеринин дарегин билбесе, анда жаңы жашаган жери боюнча ай сайын компенсацияны төлөө жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө кайрылганда алуучунун арызынын жана паспортунун негизинде жүргүзүлөт.
Мурунку жашаган жери боюнча эсепке алуудан чыгарылган дата менен жаңы жашаган жери боюнча эсепке алынган күндүн ортосундагы мөөнөт 3 айдан ашпоого тийиш. Бул учурда жаңы жашаган жери боюнча ай сайын компенсацияны төлөөнү кайра жаңыртуу мурдагы жашаган жери боюнча ай сайын компенсацияны акыркы төлөнгөн айдан кийинки айдан тартып жүргүзүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн үч айлык мөөнөттөн жүйөлүү себептерсиз ашып кеткен учурда ай сайын компенсация төлөө жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдө эсепке алынган айдан тартып кайра жаңыртылат.
Эгерде алуучу аймактык бөлүмгө жүйөлүү себептер менен (оору, аракетке жөндөмсүздүк, ишенимдүү адамдардын жоктугу, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимин киргизүү) 3 ай өткөндөн кийин кайрылса, анда ай сайын компенсация төлөө ал токтотулуп турган датадан тартып кошумча 3 айга узартылат.
12. Аймактык бөлүмдөр ай сайын компенсация алуучулар каза болгон учурлар тууралуу маалыматтарды ведомстволор аралык маалымат алмашуу аркылуу автоматтык түрдө текшерүүнү (верификациялоону) жүргүзөт.
13. Ай сайын компенсация төлөө төмөнкү учурларда токтотулат:
1) алуучу республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кетсе;
2) ай сайын компенсация дайындалган адам каза болсо;
3) дайындалган ай сайын компенсацияны 6 (алты) айдын ичинде албаса;
4) ай сайын компенсация негизсиз дайындалган факты белгиленсе.
4. Ай сайын компенсациянын өлчөмдөрүн эсептөөнүн жана кайра эсептөөнүн тартиби
14. Ай сайын компенсацияны, ошондой эле аны төлөө жана жеткирүү менен байланышкан бардык чыгымдарды каржылоо булагы болуп республикалык бюджет саналат.
15. Ай сайын компенсация 10 (он) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө дайындалат.
16. Бийик тоолуу жана алыскы аймактын жашоочуларына ай сайын компенсация райондук коэффициентти эске албастан дайындалат.
17. Ай сайын компенсацияны кайра эсептөө төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- ай сайын компенсациянын өлчөмү өзгөрсө;
- ай сайын компенсация дайындалган адам каза болсо.
18. Ай сайын компенсациянын өлчөмүн кайра эсептөө өзгөртүүлөр болгон айдын биринчи күнүнөн тартып же ай сайын компенсациянын өлчөмүн өзгөртүүнү караган тиешелүү ченемдик укуктук актыда көрсөтүлгөн датадан тартып жүргүзүлөт.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ