КР Президентинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 286 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 16-ноябры ПЖ № 298
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик органдардын атайын эсептеринин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин материалдык-техникалык камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен демилгеленген сатып алууларды жана капиталдык оңдоону кошпогондо, министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматтык автотранспортту сатып алуусуна, административдик имараттарды, кызматтык жайларды капиталдык оңдоосуна тыюу салууну 2022-жылдын 1-мартынан тартып киргизүү. Бул тыюу салуу бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринин каражаттарына жайылтылбайт;".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |