Редакцияот 23.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 23-августу № 421

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 214 "Жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Биологиялык ар түрдүүлүктү колдоо, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 214 "Жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров