КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-августу № 428
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-мартындагы № 101 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-мартындагы № 101 "Кыргыз Республикасында адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башпаанектерди уюштуруунун, алардын иш тартибинин, алардын ишин башкаруунун, каржылоонун жана контролдоону уюштуруунун эрежесинде:
- 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"адамдарды сатуу - анын макулдугу менен же макулдугусуз коркутуу, күч же мажбурлоонун башка түрлөрүн колдонуу, шантаж, уурдоо, алдамчылык, алдоо, бийликти же абалдын алсыздыгын кыянаттык менен пайдалануу жолу менен, же болбосо эксплуатациялоо максатында аны контролдоочу адамдын макулдугун алуу үчүн төлөм же пайда сунуштоо жолу менен азгырма жалдоо, ташуу, жашыруу, алуу, кабыл алуу же адамды өткөрүп берүү;";
- 15-пункттагы "он" деген сөз "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |