Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-марты № 106
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-декабрындагы № 754 "Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ишти оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-декабрындагы № 754 "Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жободо:
- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Комиссиянын курамы ээлеген кызмат орундарына ылайык жогорку квалификациялуу адистердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.";
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Комиссиянын курамы жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын профилдик, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ичинен кызмат орду боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкдар башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринен жана көз карандысыз эксперттерден макулдашуу боюнча түзүлөт.
Комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, Комиссия мүчөлөрүнөн жана катчыдан турат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.Жапаров |