ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оргочор айыл аймагынын айыл кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 58
Оргочор айыл аймагынан таштанды төгүү боюнча ар бир кожолукка орточо тарифти бекитүү жөнүндө
Оргочор айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашовдун маалыматын угуп, талкуулап, токтом кылат :
1. Оргочор айыл аймагынан таштанды төгүү боюнча ар бир кожолукка орточо тариф 90 (токсон) сомдон бекитилсин жана аз камсыз үй-бүлөөлөргө жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз) миң сом субсидия катары бөлүнүп берилсин.
2. Төлөнүүчү акча каражатын жергиликтүү бюджеттин тиешелүү беренесинен которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ч.Казиевага милдеттендирилсин;
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Жумашовго милдеттендирилсин.
Төрага: | У. Р. Дыйканбаев |