Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-сентябры № 443
Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспорттоону, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын;
- Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине ушул токтомго ылайык тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарлардын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеси (реэкспорттоону, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо)
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
1 | Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту) | 1214 90 900 0, 2302 |
2 | Арпа | 100310 000 0 |
3 | Күрүч | 1006 10 100 0 |
4 | Сулу | 1004 10 000 0 |