Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 7-сентябры № 448
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү системасынын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин төмөнкүдөй маалыматтык системаларынын оператору болуп аныкталсын:
- билим берүүнү башкаруу (ББМС);
- "Электрондук мектеп";
- "Билим берүү уюмдарын электрондук лицензиялоо жана аккредитациялоо";
- билим берүү уюмдарынын (бирдиктүү аянтча) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайттары;
- "Балдарды мектепке жана бала бакчаларга кабыл алуу";
- "Жогорку окуу жайларга, кесиптик орто окуу жайларга жана кесиптик лицейлерге онлайн кабыл алуу";
- "Санарип дарбазалар";
- "Чет өлкөлөрдөгү студенттер";
- "Оку" видео сабактар порталы;
- "Китеп" электрондук китепкана;
- "ibilim" билим берүү порталы;
- "Билим булагы" билим берүү порталы.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси 2024-2027-жылдарга төмөнкүдөй маалыматтык системаларды иштеп чыксын жана оператор болсун:
- "Аттестаттар маалыматтар базасы";
- "Жалпы билим берүү уюмдарынын электрондук тарификациясы жана штаттык расписаниеси";
- "Акселератор";
- "Мугалимдерди баалоо";
- "БИМ".
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 251-тиркеме менен толукталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) ведомстволук мекемелердин штаттык бирдиктеринин чегинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемесине эмгек акы төлөө фонду менен 20 штаттык бирдик өткөрүп берсин, анын ичинде:
- Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунан - 8 штаттык бирдик;
- Кыргыз билим берүү академиясынан - 8 штаттык бирдик;
- "Окуу китеби" республикалык илимий-практикалык борборунан - 6 штаттык бирдик;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык саны | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 1 | 13,50 |
2 | Долбоордун координатору | 1 | 13,00 |
3 | Архитектор (долбоорлоочу) | 1 | 13,00 |
4 | Бизнес-аналитик | 2 | 9,95 |
5 | Башкы программист | 1 | 13,50 |
6 | Программист | 8 | 13,00 |
7 | Программист (Frontend) | 2 | 11,37 |
8 | Системалык администратор (тармактар жана маалымат базалары, маалыматтык коопсуздук) | 2 | 13,00 |
9 | Башкы бухгалтер (бухгалтерия, кадрлар бөлүмү) | 1 | 3,84 |
10 | Инженер (юрист, сатып алуучу, иш кагаздарын жүргүзүүчү) | 1 | 2,56 |
| Жалпы | 20 |
|
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине ушул токтомдун 2-пунктунун үчүнчү абзацы жана 3-пункту колдонулбайт.".