ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оргочор айыл аймагынын айыл кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 62
Оргочор айыл аймагындагы “Оргочор булагы” СООППВсынын 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
“Оргочор булагы” СООППВсынын аткарып жаткан иштери жөнүндө отчету жана 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Оргочор айыл аймагынын “Оргочор булагы” СООППВсынын жетекчиси Д.Айтмамбетовдун 2022-жыл ичинде аткарган иштери жана 2023-жылга маалыматын угуп жана талкуулап, Оргочор айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 17- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Оргочор айыл аймагынын “Оргочор булагы” СООППВсынын 2022-жылдын ичинде аткарган иштери “канагаттандыраарлык” деп табылсын жана 2023-жылга иш планы бекитилсин.
2. “Оргочор булагы” СООППВсынын 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 420 000 сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комисиясына милдеттендирилсин.
Төрага | У .Дыйкамбаев |