ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оргочор айыл аймагынын айыл кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
2023-жылдын 11-апрели № 67
Оргочор айыл аймагына караштуу “Наука” имаратынын кабинеттерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Оргочор айыл өкмөтүнүн жаштар уюмунун төрагасы Саадат уулу Эрмектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Оргочор айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 18-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оргочор айыл аймагына караштуу “Наука” имаратынын №1-5, №1-6, 31-7, №1-8, №1-9, №1-10 номердеги кабинеттери стоматологиялык кабинет ачууга өткөрүлүп берилсин.
2. Аталган кабинеттерге схема түзүү жана иш кагаздарын бүтүрүү жагы Саадат уулу Эрмекке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | У .Дыйкамбаев |