Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 448 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Борбор) ишин жөнгө салат.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Борбор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине түздөн-түз баш иет.
Мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) саналат.
4. Жобо Борбордун уюштуруу документи болуп саналат.
5. Борбор оперативдүү башкаруу укугуна негизделген мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
6. Борбор белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
7. Борбордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка реквизиттери бар.
8. Борбордун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Центр цифрового образования" при Министерстве образования и науки Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Санарип билим берүү борбору" ММ;
- расмий тилде: ГУ "Центр цифрового образования".
9. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Касым Тыныстанов көчөсү, 257.
2. Борбордун максаты, милдеттери жана функциялары
10. Борбордун максаты санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү жолу менен өлкөнүн билим берүү системасынын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу болуп саналат.
11. Борбордун негизги милдети билим берүү системасына маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү, Министрликтин иштеп жаткан маалыматтык системаларын ишке киргизүү, техникалык колдоо, модернизациялоо жана жаңыларын түзүү жолу менен санариптик инфраструктураны жакшыртуу болуп саналат.
12. Борбордун негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Министрликтин маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча иштерди аткаруу, аппараттык жана телекоммуникациялык жабдууларды, анын ичинде сервердик жабдууларды колдоо;
- Кыргыз Республикасынын маалыматты коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Министрликтин маалыматтык системаларында маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- билим берүү уюмдарынын санариптик инфраструктурасын жакшыртууга багытталган маалыматтык системаларды жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана техникалык колдоо;
- менчигинин түрүнө карабастан бардык типтеги билим берүү уюмдары үчүн бирдиктүү электрондук почта сервисин иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана техникалык колдоо;
- Министрликтин маалыматтык системаларына билим берүүнүн бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдары тарабынан киргизилүүчү маалыматтардын толуктугун камсыз кылуу;
- маалыматты ведомстволор аралык пайдалануу жана маалыматтык системалардын маалыматтарын толтурууну автоматташтыруу үчүн Министрликтин автоматташтырылган маалыматтык системаларын башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын базалары менен интеграциялоону камсыз кылуу;
- санариптештирүү жаатындагы долбоорлорго жана сунуштарга экспертиза жүргүзүү;
- Министрликтин санарип продукттары боюнча шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын/бөлүмдөрүнүн бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын жооптуу кызматкерлери үчүн оффлайн жана онлайн окутууларды уюштуруу;
- Министрликтин башка мекемелеринин же ишканаларынын санариптик долбоорлорун ишке ашырууну контролдоо;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы улуттук стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга, анын ичинде программалык продукттардын жана сервистердин функционалдык шайкештигин камсыз кылууга катышуу;
- маалыматтык системаларды түзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик укуктук жана уюштуруу-тескөөчү документтеринин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- маалыматтык системалар үчүн эксплуатациялоо системаларын, сервистик тейлөөнү жана кадрларды даярдоо системаларын иштеп чыгуу;
- маалыматтык технологиялар жаатында маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө илимий-техникалык жана инвестициялык программалардын жана ишке киргизүү долбоорлорунун мамлекеттик заказчысынын функцияларын ишке ашыруу;
- маалыматтык ресурстар жана технологиялар жаатында илимий-изилдөө жана инновациялык иштерди жүргүзүү.
3. Борбордун укугу, милдеттери жана жоопкерчилиги
13. Борбор өз ишинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- билим берүү системасынын санариптик инфраструктурасын түзүү, өзгөртүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Министрликтин маалыматтык системаларын иштеп чыгууга, жеткире иштеп чыгууга, модернизациялоого жана ишке ашырууну жана өнүктүрүүнү коштоого;
- билим берүү максаттарында ишке ашыруу үчүн программалык продукттарды түзүүгө, тестирлөөгө жана өнүктүрүүгө;
- техникалык тапшырмалардын долбоорлорун иштеп чыгууга, Министрликтин маалыматтык системаларын өркүндөтүү боюнча техникалык чечимдерди киргизүүгө жана коштоого;
- мамлекеттик органдарда маалыматтык системаларды түзүү жана пайдалануу боюнча ченемдик укуктук жана уюштуруу-тескөөчү документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- юридикалык жана жеке жактардан материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды накталай эмес эсептешүү менен сатып алууга;
- мамлекеттик органдар үчүн маалыматтык технологиялар жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө;
- өзүнүн максаттарына, милдеттерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык консультацияларды берүүгө, изилдөө, маалыматтык, укуктук жана башка иштерди жүргүзүүгө;
- кеңешме, жумушчу, тренингдик жана аналитикалык топторду, жер-жерлердеги кырдаалды иликтөө боюнча топторду, убактылуу комиссияларды ж.б. түзүүгө;
- өз максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга жана эл аралык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- өзүнчө мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга эз болууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- Борбордун кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн келишимдин негизинде белгиленген тартипте адистерди тартууга;
- Борбордун кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
- жарнама берүүчү катары чыгууга.
14. Борбор өз ишинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары боюнча белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Борбордун кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- Борбордун отчетторун салык органдарына өз убагында берүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды төлөөгө;
- ыкчам башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык функцияларды жана милдеттенмелерди аткарууга.
4. Борборду башкаруу
15. Борбордун түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри (мындан ары - министр) тарабынан бекитилет, кирешелер жана чыгымдар сметасы Министрлик менен макулдашылат.
16. Борбордун директору министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
17. Борбордун директору:
- Борбордун атынан ишеним катсыз иш алып барат, бардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде анын кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- белгиленген тартипте Борбордун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Борбордун кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт жана министрге бекитүүгө киргизет;
- Борбордун кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт;
- Борбордун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Борбордун кызматкерлерине тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
- Борбордун ушул Жободо белгиленген милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
Ал жок учурда Борбордун директорунун милдеттерин аткаруучу долбоордун координатору болуп саналат.
18. Борбордун директору соттордо Борбордун кызыкчылыгын билдирүүгө, башка уюмдар менен мамилелерди түзүүгө укуктуу.
19. Директор Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
20. Борбордун кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
21. Борбордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу, жеке мүнөздөгү маалымат, электрондук кол тамга жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл болгон маалыматтарга жете алат жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жоопкерчилик тартат.
5. Эсепке алуу, пландаштыруу, отчеттуулук
22. Борбор өз ишин өз алдынча иштелип чыккан иш пландарынын жана Министрликтин пландарынын негизинде жүргүзөт. Борбордун келечектүү, жылдык жана учурдагы иш пландары Министрлик тарабынан бекитилет.
23. Борбор иш пландарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Министрликке ай сайын отчет берет.
24. Борбордун иш пландарынын негизин жеке жана юридикалык жактар менен мамилелерди жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
25. Борбор өзүнүн ишинин жыйынтыктарынын бухгалтердик эсебин жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
26. Борбор компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
27. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, маалыматты толук эмес бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Борбордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген жоопкерчиликти тартат.
28. Борбор өзүнүн милдеттенмелери, анын карамагындагы акча каражаттары боюнча жооп берет.
6. Борбордун мүлкү
29. Борбордун мүлкү ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген.
30. Борбордун мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Борбордун өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
31. Борборду каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджет;
- иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн түшкөн каражаттар;
- Борбордун карамагында турган мүлк;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- мамлекеттик заказдарды аткаруу үчүн түшкөн каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.
32. Борбор тарабынан алынган кирешелер, ошондой эле өздүк каражаттарынын эсебинен сатылып алынган мүлк ага менчик укугунда таандык.
33. 30-пункттан тышкары (республикалык бюджет), башка булактардын эсебинен түзүлгөн финансылык ресурстар керектүү жабдууларды сатып алуу, Борбордун кызматкерлерине дем берүү жана шыктандыруу максатында сый акы төлөмдөрү түрүндө колдонулушу мүмкүн.
7. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу
34. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Министрликтин чечими менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
35. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
36. Борбордун ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.
37. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү уюштуруучунун чечими боюнча ишке ашырылат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ