Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-сентябры № 459
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- "Социалдык тейлөөлөр" 3-главасында:
10, 11-пункттарда "ЖАМК" деген аббревиатура "ЖАК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- "Каттоо, маалымат кат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү тейлөөлөр" 4-главасында:
14-пунктта "ЖАМК" деген аббревиатура "ЖАК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- "Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызматын көрсөтүү" 5-главасында:
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
6 | Пландан тышкаркы токой жайгаштыруу, аңчылык жайгаштыруу жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү | АЧМ | ЖРЭТКМ, АЧМ | Акы төлөнөт |
";
- "Башка кызмат көрсөтүүлөр" 9-главасында:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелерине жакын жайгашкан калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо | ЖАК | ЖАК | Акы төлөнөт |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |