Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Арал айылдык кеңешинин XXI чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

2024-жыл 20-февралы  №1

 

“Арал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө.

         Арал айыл кеңешинин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы токтом кылат:    

1.    Арал айыл кеңешинин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиянын жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

 

2.    Арал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн Акматалиев Жанарбек Мырзакулович, Маликов Махмуджан, Арыкбаева Гулнара Шакирбековна, Аракулова Айзада Мадаминовна, Акматалиева Зурахан Карабаевна, Осмоналиев Курманбек, Эргешова Жумагул Акимжановна, Өзүбеков Абдикарим Айылчиевич, Джакипов Раимжан Кудайбердиевичдерге “Арал айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы 2024- жыл март айында ыйгарылсын.

 

3.    Ж Акматалиев, М.Маликов, Г Арыкбаева, А Аракулова. З Акматалиева, К Осмоналиев, Ж Эргешова, А Өзүбеков, Р.Жакиповдорго берилген наамдар даярдалып, майрамдарда салтанаттуу түрдө тапшыруу айыл өкмөттүн башчысы Н.Омурзаковго милдеттендирилсин.

 

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, регламент, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А Мустапакуловго жүктөлсүн.

 

 

 

Төрайым:

З.Акматалиева