Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-сентябры № 471
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине "Калктын ишеним индекси" жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында сурамжылоо жүргүзүү үчүн типтүү анкета 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине кезектеги жылга Статистикалык программада, анын ичинде отчеттук жарым жылдыкта Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөөнү кароо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн "Калктын ишеним индекси" өлчөөнүн натыйжаларын алуу үчүн калкты сурамжылоонун жана маалыматтарды иштеп чыгуунун жыйынтыктары боюнча отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн натыйжаларды, көйгөйлөрдү, тенденцияларды жана сунуштамаларды камтыган аналитикалык кат берсин;
- жыл сайын, 1-майдан жана 1-ноябрдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы түзүмдүк өзгөрүүлөрдү жана алар менен байланышкан функциялык ыйгарым укуктарды эске алуу менен Типтүү анкета берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө боюнча сурамжылоо жүргүзүүгө байланышкан иш-чараларды каржылоо тиешелүү жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында сурамжылоо жүргүзүү үчүн ТИПТҮҮ АНКЕТА
Купуялуулук кепилденет
Калктын ишеним индекси | |||||||||||||||
Коду | 4 | 1 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Анкетанын номери |
| ||||||||||||||
Интервью алуучу | Аты-жөнү | ||||||||||||||
коду | |||||||||||||||
Сурамжылоо жүргүзүлүүчү жер 1. Район 2. Айылдык аймак 3. Шаар/айыл 4. Дареги 5. Респонденттин аты | |||||||||||||||
Интервью күнү | күнү/айы/жылы/ | ||||||||||||||
Саламатсызбы!
Менин атым ____________________________________________________________________.
Мен (сурамжылоо жүргүзүп жаткан уюмдун аталышы) иштейм. Биз өлкөнүн жашоочуларына социологиялык сурамжылоо жүргүзүп жатабыз. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгары укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын иши жөнүндө Сиздин пикириңиз бизди кызыктырат. Бир нече суроого жооп берүүңүздү суранам. Бул болжол менен Сиздин 40 мүнөт убактыңызды алат. Сиздин жоопторуңуз купуялуулук негизде жана жалпыланган түрдө гана колдонуларына толук ишенсеңиз болот. Эгерде Сизде кандайдыр бир суроо же сын пикир пайда болсо, аларды Сиз мага билдирсеңиз же телефонго чалып айтсаңыз болот:
_________________________________________________
Бардык суроолорго жооптор интервью алуучу тарабынан сурамжылоо методу менен толтурулат | ||||
1. Калктуу конуштун тиби 1. Шаар 2. Шаар тибиндеги кыштак 3. Айыл | 2. Респондент жашаган турак жайдын тиби 1. Көп кабаттуу типтүү турак үй 2. Көп кабаттуу элиталык турак үй 3. Эски жекече курулуш 4. Элиталык жекече курулуш 5. Барак тибиндеги/мейманкана тибиндеги турак жай 6. Убактылуу турак жай 7. Башка _________________________ | |||
3. Сиз Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналасызбы? 1. Ооба 2. Жок. Интервьюну бүтүрүш керек | ||||
4. Курагы, жашы: 1. 18-28 2. 29-40 3. 41-52 4. 53-64 5. 65-75 | 5. Жынысы: 1. Аял 2. Эркек | |||
6. Билими: 1. Негизги жалпы (8-9 класс) 2. Орто жалпы (10-11 класс) 3. Орто кесиптик 4. Бүтпөгөн жогорку (ЖОЖдун 3-курсу) 5. Жогорку (дипломдун болушу) 6. Илимий даража | 7. Ишинин түрү: 1. Мамлекеттик же муниципалдык мекемедеги кызматчы 2. Жеке уюмдагы жалданма кызматкер 3. Жеке ишкер/фермер 4. Студент 5. Жумушсуз 6. Башкасы __________________________ | |||
8. Төмөндө саналып өткөн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баа берүүңүздү суранабыз | ||||
Жооптун номери | Жооптордун варианттары | |||
1-мамыча | 2-мамыча | 3-мамыча | ||
1 | Толук ишенем | Коррупция жок | Абдан жакшы | |
2 | Көбүнчө ишенем | Төмөн | Жаманга караганда көбүнчө жакшы | |
3 | Көбүнчө ишенбейм | Жогору | Жакшыга караганда көбүнчө жаман | |
4 | Толук ишенбейм | Абдан жогору | Абдан жаман | |
5 | Жооп берүү кыйын | Жооп берүү кыйын | Жооп берүү кыйын | |
|
|
|
|
|
Интервью алуучу, респондент тандаган жооптоодун номерлерин бош ячейкаларга толтуруп, ар бир сап жана ар бир мамыча боюнча төмөндө көрсөтүлгөн жооптун бир вариантын алыңыз | |||
Жооптун номери | Жооптордун варианттары | ||
1-мамыча | 2-мамыча | 3-мамыча | |
1 | Толук ишенем | Коррупция жок | Абдан жакшы |
2 | Көбүнчө ишенем | Төмөн | Жаманга караганда көбүнчө жакшы |
3 | Көбүнчө ишенбейм | Жогору | Жакшыга караганда көбүнчө жаман |
4 | Толук ишенбейм | Абдан жогору | Абдан жаман |
5 | Жооп берүү кыйын | Жооп берүү кыйын | Жооп берүү кыйын |
№ | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси | 1-мамыча | 2-мамыча | 3-мамыча |
Сиз ушул органга канчалык деңгээлде ишенесиз? | Сиздин пикириңиз боюнча ушул органда коррупциянын деңгээли канчалык? | Ишинин (көрсөтүлүүчү кызматтарынын жана аткарылуучу функцияларынын) сапатын | ||
1 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү (чет өлкөлүк жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтарды кошпогондо) |
|
|
|
2 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (иштин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттин ишин ченемдик укуктук камсыздоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизаларды жүргүзүү, юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана ишинин токтотулганын каттоо, кыймылдуу мүлккө карата (келишим боюнча) милдеттенмелерди аткаруу боюнча талаптарды Кыймылдуу мүлккө карата талаптардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо, адвокаттардын жана нотариустардын ишин лицензиялоо, документтерге апостиль коюу жана чет өлкөдө жарактуу болушу үчүн документтерди легалдаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү жана мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды көрсөтүү, пробациялык ишти жүргүзүү, кылмыш жазаларынын жана жазык-укуктук таасир этүүнүн чараларын аткарууну камсыздоо, белгиленген тартипте соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашыруу, белгиленген тартипте сот эксперттеринин компетенттүүлүгүнүн сертификаттарын берүү, Кыргыз Республикасынын сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү; соттук экспертиза жаатында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү; соттук экспертиза жаатында илимий-изилдөө иш алып баруу, соттук-эксперттик иш жаатында ченемдик укуктук актыларды колдонуу практикасын талдоо жана жалпылоо, Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү ж.б.) |
|
|
|
3 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (коргоо маселелерин жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн коргоого жөндөмдүү мамлекеттик аскердик саясатты жана Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу) |
|
|
|
4 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, адамдын жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат берүү) |
|
|
|
5 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (экономикалык өнүгүү, соода, ишкердикти, туризмди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; тамак-аш продукциясынын, эл керектөөчү товарлардын, машина куруу, электротехникалык продукциянын шайкештигин сертификаттоо; стандарттарды жана стандартташтыруу эрежелерин экспертизалоо товардык рыноктордо атаандаштыкты өнүктүрүүнү камсыз кылуу, табигый монополиялардын бааларын жөнгө салуу, мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди макулдашуу, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнамалык ишти контролдоо, мамлекеттик материалдык резерв боюнча, туризм тармагында саясатты иштеп чыгуу) |
|
|
|
6 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мамлекеттик финансыларды башкаруунун мамлекеттик саясатын түзүү, казыналыктын системасы аркылуу мамлекеттик бюджетти аткарууну ишке ашыруу, социалдык милдеттенмелерди (эмгек акыны, жөлөкпулдарды, пенсияларды жана ушул сыяктууларды каржылоо) өз убагында аткаруу; салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу; юридикалык жана жеке жактарды салыктык текшерүүнү жүзөгө ашыруу, сапаттуу салык кызматтарын көрсөтүү, жеке жактарды жеке ишкер катары каттоо, товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле бажылык укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, финансы-бюджеттик чөйрөдө контролдоо жана көзөмөлдөө) |
|
|
|
7 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги (Айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү: өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылыгы, канаттуулар чарбасы, балык чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы; айдоолорду зыянкечтерге каршы тазалоо, үрөн жана көчөт материалдарын, ветеринардык дары каражаттарын сертификаттоо, пестициддерди, химиялык каражаттарды каттоо; мамлекеттик суу саясатын ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу; бассейндик пландарды иштеп чыгууну уюштуруу жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу; улуттук суу секторунун климаттын терс таасирлерине туруктуулугун, суу ресурстарын түгөнүүдөн жана булгануудан коргоону камсыз кылуучу адаптациялык чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; гидротехникалык, курулуш жана реабилитациялык иштерди аткаруу) |
|
|
|
8 | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги (отун-энергетикалык комплексте лицензиялоо жана жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдү энергетикалык ресурстар менен ишенимдүү жабдуу үчүн шарттарды түзүү) |
|
|
|
9 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль, темир жол жана авиакаттамдар менен камсыз кылуу; автомобиль жолдорун куруу жана жакшыртуу, автомобиль транспорту менен эл аралык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу менен алектенген компанияларды лицензиялоо) |
|
|
|
10 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (куткаруу иштерин жүргүзүү, табигый кырсыктардын, авариялардын, кыйроолордун кесепеттерин жоюу, өрт коопсуздугу жана жарандык коргонуу чөйрөсүндө окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо) |
|
|
|
11 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (билим берүү ишин лицензиялоо, сапаттуу билим берүү, билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү) |
|
|
|
12 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү; амбулатордук деңгээлде, пункттар/станциялар жана тез медициналык жардам бөлүмдөрү тарабынан тез медициналык жардам көрсөтүү; стационарларда жана амбулатордук медициналык жардам, медициналык препараттарды жана техниканы даярдоо жана сатуу; медициналык мекемелерди лицензиялоо; медициналык камсыздандыруу; ооруканаларда, поликлиникаларда, дарыканаларда, фельдшердик-акушердик пункттарда, стационарларда жана амбулатордук медициналык тез жардам пункттарында/станцияларында жана медициналык тез жардам бөлүмдөрүндө амбулатордук деңгээлде медициналык жардамдын көрсөтүлүшүнүн сапатын контролдоону камсыз кылуу) |
|
|
|
13 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (театрларды, филармонияларды, цирктерди, кинотеатрларды, китепканаларды, музейлерди, журналдарды, телекөрсөтүүнү, китеп басып чыгарууну, чыгармачыл жамааттардын, ийримдердин, студиялардын ишин уюштуруу, тарыхый-маданий мурас объекттерин, маданият чөйрөсүндөгү билим берүү мекемелерин сактоо; дене тарбияны, спортту өнүктүрүү, спорттук-массалык иштерди, жаштар саясатын уюштуруу) |
|
|
|
14 | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги (санариптештирүү, электрондук башкарууну өнүктүрүүнү камсыз кылуу, электрондук кол тамганы, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу, жогорку технологиялык маалыматтык-коммуникациялык инфраструктураны, идентификациялоо системаларын өнүктүрүү жана камсыздоо, Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо максатында санариптик технологияларга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу), ошондой эле калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо, архив иштери, кибер коопсуздук чөйрөсүндө электр жана почта байланышынын, анын ичинде радио жана телекөрсөтүү берүүлөрүнүн жалпы дүйнөлүк маалыматтык-технологиялык мейкиндикке интеграциялоосун камсыз кылуу) |
|
|
|
15 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (жетимдерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык жөлөкпулдарды, сөөк коюуга жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө; жалгыз бой улгайган жарандарды жана ДМЧАларды үйүндө социалдык тейлөө, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө, жумушсуздарды каттоо; кайрылмандарды, баш калка издеген адамдарды (качкындарды) жана адамдарды сатуудан жапа чеккендерди кабыл алуу боюнча функцияларды аткаруу) |
|
|
|
16 | Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (продукцияга, өндүрүшкө, курулушка, эксплуатациялоого, сактоого, ташууга, пайдаланууга, сатууга, көмүүгө, жайгаштырууга жана утилдештирүүгө карата коопсуздуктун бардык түрлөрүнүн сакталышын контролдоо; жарандардын эмгек укуктарынын, ошондой эле эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын камсыз кылууну көзөмөлдөө; айлана-чөйрөнү коргоо, экологияны жана токойлорду сактоо; өнөр жайлык зыяндуу заттардын, саркынды суулардын жана жер ресурстарынын булганышын лабораториялык изилдөө, корголуучу жаратылыш аймактарына, коруктарга барууларды уюштуруу) |
|
|
|
17 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги (бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялоо, эл аралык финансылык институттар менен кызматташуу) |
|
|
|
18 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мамлекеттик каражаттардын, гранттардын жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу объекттерди куруу); долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу, макулдашуу, экспертизалоо жана бекитүү; курулуш материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды сыноо; Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүнүн башкы пландарынын, схемаларынын долбоорлорун иштеп чыгуу; архитектуралык-шаар куруу ишин лицензиялоо; курулуш тармагынын адистерин квалификациялык сертификаттоо; курулуштардын техникалык абалы, реконструкциялоо мүмкүнчүлүгү жана көлөмдүк-пландоо чечимдерин өзгөртүү жөнүндө тиешелүү корутунду берүү менен имараттарды жана курулмаларды текшерүү; курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун тандоого катышуу) |
|
|
|
19 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги (интеллектуалдык менчик жана салттуу билимдер объекттерин берүү жана укуктук коргоону камсыз кылуу, адабият, искусство, илим жаатында чыгармачылыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана келечектүү илимий-техникалык иштеп чыгууларды илгерилетүү жана интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштыруу, ошондой эле патенттик-техникалык маалыматтын жана инновациялык иштин улуттук системасын өнүктүрүү) |
|
|
|
20 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү; мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу; мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрдык резервин түзүү) |
|
|
|
21 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги (жеке маалыматтарга экспертиза жүргүзүү жана жеке маалыматтарды иштетүүнү коргоону жана контролдоону камсыз кылуу) |
|
|
|
22 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги (мамлекеттик жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте мамлекеттик мүлктү башкаруу жана мамлекеттик жер фондунун объекттерин башкаруу боюнча саясатты ишке ашыруу) |
|
|
|
23 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча макулдашылган мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо жана аккумуляциялоо, пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө функцияларын жүзөгө ашыруу, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонддорун каржылоо) |
|
|
|
24 | Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары: Жалал-Абад облусундагы; Ысык-Көл облусундагы; Нарын облусундагы; Ош облусундагы; Талас облусундагы; Чүй облусундагы (облусту өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; жумушсуздуктун жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү; облустун деңгээлинде башкаруу органдарын координациялоо; региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу) |
|
|
|
25 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; гранттарды жана инвестицияларды тартуу; жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуу; жумушсуздуктун жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү; жарандардын укуктарынын сакталышын контролдоо; райондун деңгээлинде башкаруу органдарынын ишин координациялоо) |
|
|
|
26 | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары - республикалык маанидеги шаарлары: - Бишкек шаарынын мэриясы, - Ош шаарынын мэриясы (муниципалдык менчикти жана жергиликтүү жамааттын финансыларын башкаруу; калктуу конушту көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана өнүктүрүү, коммуналдык маселелерди чечүү, жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуу) |
|
|
|
27 | Облустук, райондук маанидеги шаарлардын жана айылдык аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары (муниципалдык менчикти жана жергиликтүү жамааттын финансыларын башкаруу; калктуу конушту көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана өнүктүрүү, коммуналдык маселелерди чечүү, элдик көркөм кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, бош убакытты уюштуруу, дене тарбияны жана массалык спортту өнүктүрүү, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу, жергиликтүү маанидеги башка маселелер |
|
|
|