Редакцияот 13.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

1-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 471 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине "Калктын ишеним индекси" жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. "Калктын ишеним индекси" - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын (мындан ары - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) ишине калктын мамилесин чагылдырган коомдун жалпы маанайынын өзгөрүшүнүн жалпыланган көрсөткүчү.

2. "Калктын ишеним индексин" өлчөөнүн максаты мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин актуалдуу баалоо болуп саналат.

3. "Калктын ишеним индексин" өлчөө төмөнкүлөрдү баалоого мүмкүндүк берет:

- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандын жеке ишеними ("Жарандын мамлекетке болгон жеке ишеними" индекси);

- респонденттин көз карашы боюнча баалануучу мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээли ("Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк" индекси);

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине калктын канааттануусу ("Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо" индекси).

4. "Калктын ишеним индексин" өлчөө ар бир жарым жылдын аягында 18 жаштан 75 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандарын сурамжылоонун негизинде стандарттык репрезентативдик тандоо боюнча тандоодо 5-7 пайыз чегинде (же ишеним аралыгы 0,05 - 0,07 чегинде) ката кетирүү менен жүргүзүлөт. "Калктын ишеним индексин" өлчөөнүн натыйжаларын алуу үчүн калкты сурамжылоо, ошондой эле маалыматтарды иштепчыгуу республикалык жана региондук масштабда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна берилет.

5. "Калктын ишеним индексин" өлчөөнүн натыйжаларынын негизинде изилдөө отчету Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту тарабынан даярдалат.

6. "Калктын ишеним индексин" өлчөө үчүн республикалык масштабда 7 облустун жана Бишкек жана Ош шаарларынын калкын тандап сурамжылоо жүргүзүлөт. Тандоонун жол берилген катасы +/- 5 пайыз болорун эсепке алуу менен тандоо 3600 адамды (ар бир административдик-аймактык бирдикте 400 адамды) түзөт.

7. Тандоо респонденттерди стратификацияланган тандоо методу менен түзүлөт, мында сурамжылоо региондук масштабда конкреттүү администрациялык-аймактык бирдиктерде жүргүзүлөт жана ишеним интервалдарында жол берилген тандоонун катасы 0,05тен 0,07ге чейинки бирдикти эсепке алуу менен 400 адамды камтыйт.

8. "Калктын ишеним индексин" өлчөө көз карандысыз уюмдар тарабынан өз каражаттарынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.

9. "Калктын ишеним индексин" өлчөөнүн натыйжаларын жайылтуу таразалоо коэффициенттерин пайдалануу менен ишке ашырылууга тийиш. Респонденттерди сурамжылоо жүргүзүү жана тандоо боюнча жыйынтыктарды түзүү менен алынган натыйжаларды жалпы калкка жайылтуу зарыл.

Сурамжыланган респонденттердин маалыматтарын жайылтуу коэффициенттерин (таразалоо коэффициенттерин) эсептөө керек.

Ар бир катмар үчүн формула боюнча таразалоо коэффициенттерин эсептөө керек:

 

 

мында:

Wh - катмар (регион) үчүн таразалоо коэффициенти h (1, 2, ...);

Yh - катмар (регион) үчүн башкы жалпысында калктын саны h (1,2, ...);

yh - катмар (регион) үчүн тандоодогу калктын саны h (1, 2, ...).

2. "Калктын ишеним индексин" куруу методикасы

10. "Калктын ишеним индексин" түзүү үчүн пайдаланылуучу бардык маселелер калктын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата мамилесин аныктоого багытталат. "Калктын ишеним индекси" интегралдык индекс болуп саналат, ал үч компоненттен - жеке индекстерден түзүлөт:

- "Жарандын мамлекетке болгон жеке ишеними";

- "Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк";

- "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо".

11. Ар бир жеке индекс боюнча анын жалпыланган мааниси "оң" жана "терс" жооптордун үлүштөрүнүн айырмасы катары эсептелет, мында өтө "оң" (толук ишенем, коррупция жок, абдан жакшы)/"терс" (толук ишенбейм, абдан жогору, эң жаман) жооптор, тиешелүү түрдө "+1"/"-1" салмагы менен алынат, ал эми салыштырмалуу "оң" (көбүнчө ишенем, төмөн, жаманга караганда көбүнчө жакшы)/"терс" (ишенбейм, жогору, жакшыга караганда көбүнчө жаман) жооптор, тиешелүү түрдө "+0,5"/"-0,5" салмагы менен алынат.

12. "Калктын ишеним индексинин" компоненттери (жеке индекстер) ушул жеке индекске таандык көрсөткүчтөрдүн жалпыланган маанилеринин орточо арифметикалык маанилери катары эсептелет.

13. Жалпы "Калктын ишеним индекси" жеке индекстердин орточо арифметикалык мааниси катары эсептелет. Ошентип, жыйынды "Калктын ишеним индекси" жана анын түзүүчүлөрү "+100дөн" "-100гө" чейинки интервалда өзгөрүлөт. Индекстин маанилери "0дөн" көп болсо, коомдук пикирде "оң", ал эми индекстин мааниси "0дөн" аз болсо - мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын "терс" баалоо басымдуулук кылат.

3. "Калктын ишеним индексин" эсептөө жол-жобосу

14. "Калктын ишеним индексин" эсептөө жол-жобосу төмөнкүлөрдөн турат:

1) жеке индекстердин маанилерин эсептөөдөн - жеке индекске кирген көрсөткүчтөрдүн жалпыланган маанилеринин жеке индекске кирген көрсөткүчтөрдүн санына бөлүнгөн суммасы;

2) "Калктын ишеним индекси" маанисин эсептөөдөн - жеке индекстердин көрсөткүчтөрүнүн жалпыланган маанилеринин 3кө бөлүнгөн суммасы.

4. Алынган маалыматтарды талдоо

15. Баштапкы маалыматтар базасынын жыйынтыктарын талдоо (интервью жүргүзүүнүн жүрүшүндө чогултулууга тийиш болгон анкеталык сурамжылоолордун маалыматтары) төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:

- бир түрдүү жана ар түрдүү мүнөздөмөлөрдү жалпылоо;

- көрсөткүчтөрдү аныктоо (орточо чоңдуктар);

- башка маалыматтар (статистикалык, башка изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана натыйжалары ж.б.) менен салыштыруу. Ошентип алгачкы изилдөө гипотезалары текшерилет;

- тыянактарды жана сунуштамаларды түзүү, изилдөө отчетун даярдоо.

5. "Калктын ишеним индексин" өлчөөнүн натыйжаларын жарыялоо

16. "Калктын ишеним индексин" өлчөөнүн натыйжалары отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 20сына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо үчүн милдеттүү.