Сравнение редакций…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т тескемеси менен бекитилди) |
2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын
кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасынын иш-чаралар планы
№ | Милдеттер | Чаралар/Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Топурактын күрдүүлүгүн коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Жерлерге агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жер участокторун агрохимиялык паспорттоштуруу боюнча жобону жана методиканы иштеп чыгуу | 2024-жылдын IV квар-талы | Жерлерге агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жер участокторун агрохимиялык паспорттоштуруу боюнча жобо жана методика иштелип чыкты жана бекитилди | СРАЧКИӨЖМ |
Кыргыз Республикасынын мелиоративдик (сугат) жерлеринде туздук изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча жобону жана методиканы иштеп чыгуу | 2024-жылдын IV квар-талы | Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган (сугат) жерлеринде туздук изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн жоболору жана методдору иштелип чыкты жана бекитилди | СРАЧКИӨЖМ | ||
“Айыл чарба жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кыртыштын шорлонуусун изилдөө программасын иштеп чыгуу | 2024-жылдын IV квар-талы | Кыртыштын шорлонуусун изилдөө программасы иштелип чыкты жана бекитилди | СРАЧКИӨЖМ | ||
2 | Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча системаны институционалдык уюштурууну өнүктүрүү | Кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, акырындык менен көбөйүп жаткан коркунуч катары жердин шор басышына жана шорлонуусуна каршы аракеттенүү багыттары жана коркунучу жөнүндө бардык деңгээлде маалымдуулукту жогорулатуу (окутуу сабактары, семинарлар, буклеттер ж.б.) | 2024–2028-жылдар | Кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, акырындык менен көбөйүп жаткан коркунуч катары жердин шор басышына жана шорлонуусуна каршы аракеттенүү багыттары жана коркунучу жөнүндө окутуу сабактары, семинарлар жер пайдалануучулар үчүн туруктуу негизде өткөрүлүп жатат, буклеттер таркатылууда ж.б. | СРАЧКИӨЖМ, ЖӨБО |
Кыртыш жана агрохимиялык кызмат үчүн адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн алдыңкы агрохимиялык станцияларында жана лабораторияларында стажировкадан өтүү жана тажрыйба алмашуу | 2024–2028-жылдар | Агрохимиялык станциялардын жана лабораториялардын адистери квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү, кыртыш изилдөөнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүштү
| СРАЧКИӨЖМ | ||
Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында “Кыргызгипрозем” МИ алдында жаңы кыртыштык-агрохимиялык лабораторияларды ачуу жана айыл чарба багытындагы жерлерге мындан ары туруктуу мониторинг жүргүзүү жана маалыматтар банкын түзүү Жалал-Абад жана Талас облустарында иштеп жаткан “Кыргызгипрозем” МИ алдындагы кыртыштык-агрохимиялык лабораторияларды күчөтүү. Лабораторияларды заманбап приборлор жана жабдуулар менен камсыздоо | 2024–2028- жылдар | Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында кыртыштык-агрохимиялык лабораториялар ачылды, заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдылды. Жалал-Абад жана Талас облустарындагы кыртыштык лабораториялар заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдылды. Кыртыштык-агрохимиялык лабораториялар айдоо жерлерине мониторинг жүргүзүүнүн жана жер пайдалануучуларга агрохимиялык кызмат көрсөтүүнүн алкагында республикада кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалымат банкын түзүү боюнча туруктуу иш жүргүзүүдө | СРАЧКИӨЖМ | ||
| Окутуу семинарларын, тренингдерди өткөрүү аркылуу дыйканчылыктын маданиятын, жер пайдалануучулардын инновациялык технологияларды колдонуу маселелери боюнча билим деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу | 2024–2028-жылдар | Жер пайдалануучулар үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн инновациялык технологияларын үйрөнүү жана колдонуу боюнча окуу-практикалык сабактар, семинарлар, тренингдер туруктуу негизде өткөрүлүүдө. Натыйжада жер пайдалануучулардын дыйканчылык маданияты жогорулады | СРАЧКИӨЖМ
| |
3
| Жер фондун кадастрдык баалоо жана жер семирткичтерди негиздүү колдонуу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөр | Айдоо жерлерине кыртыштагы азыктандыруучу заттардын камтылышы боюнча агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү
| 2024–2028-жылдар | Чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчигинин түрүнө карабастан жер участокторуна агрохимиялык изилдөөлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Агрохимиялык талдоолордун жыйынтыгы боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнөн сапаттуу жана пландалган түшүмдү алуу үчүн органикалык жана минералдык жер семирткичтерди негиздүү колдонуу боюнча сунуштар иштелип чыгууда | СРАЧКИӨЖМ |
Айыл чарба багытындагы жерлердин санариптик картасын жана кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалымат банкын түзүү
| 2024–2028-жылдар | Агрохимиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча (9-пункт) топурак кыртыштардын азыктандыруучу элементтер менен камсыздалгандыгы боюнча агрохимиялык картограммалар түзүлөт. Санариптик агрохимиялык картограммалар жалпы жеткиликтүүлүк үчүн Кыргыз Республикасынын геомаалыматтык жана климаттык маалыматтар порталында жайгаштырылат. Кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалымат банкы түзүлөт (тиешелүү маалыматтар менен дайыма толукталып турат). Кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалыматтарына ылайык аналитикалык мекемелер республиканын азык-түлүк коопсуздугун жана башка максаттарды аткаруу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн болжолдойт | СРАЧКИӨЖМ | ||
4 | Жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоо | Айылдык аймактар, райондор боюнча талааны коргоочу токой тилкелерин калыбына келтирүү жана отургузуу боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу | 2024–2028-жылдар | Жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоо максатында айылдык аймактар жана райондор боюнча талааны коргоочу токой тилкелерин калыбына келтирүү жана жаңыларын отургузуу боюнча долбоордук-сметалык документтер иштелип чыккан. Талаа сактагыч токой тилкелер айыл чарба жерлерин биологиялык зыянкечтерден, ашыкча күн радиациясынан, топурактын шамал жана суу эрозиясынан коргоо үчүн түзүлөт, күз-кыш мезгилинде кыртышта нымдуулукту кармоону жакшыртат, анткени карды кармоо функциясын аткарат | СРАЧКИӨЖМ |
5 | Шор баскан жана шорлуу жерлерди мелиорациялоо | Шор баскан жана шорлуу кыртыштын шордуулугун аныктоо | 2024–2028-ж | Шор баскан жана шорлуу кыртыштын туздуулугун изилдөө (аныктоо) боюнча иш жүргүзүлүп, шор баскан жана шорлуу кыртыштын тибин, даражасын жана химиялашуусун көрсөтүү менен санариптик картограммалар түзүлдү. Санариптик картограмма Кыргыз Республикасынын геомаалыматтык жана климаттык маалыматтар порталында жалпыга жеткиликтүү болушу үчүн жайгаштырылган. Картограммалардын маалыматына ылайык шор баскан, шорлуу жерлерди мелиарациялоо жана кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгат. | СРАЧКИӨЖМ |
Кыскартуулардын тизмеси
СРАЧКИӨЖМ – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
КРП ЫУӨ – Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
ЖМА – жергиликтүү мамлекеттик администрация
ЖӨБО – Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т тескемеси менен бекитилди) |
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасынын ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 257-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Кыртыштын күрдүүлүгүн коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Жерлерге агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жер участокторун агрохимиялык паспорттоштуруу боюнча жобону жана методиканы иштеп чыгуу | 2025-жылдын III кварталы | Жерлерге агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жер участокторун агрохимиялык паспорттоштуруу боюнча жобо жана методика иштелип чыкты жана бекитилди | Жер агенттиги |
Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган (сугат) жерлеринде туздуулукту изилдөөнү жүргүзүү боюнча жобону жана методиканы иштеп чыгуу | 2025-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган (сугат) жерлеринде туздуулукту изилдөөнү жүргүзүү боюнча жобо жана методика иштелип чыкты жана бекитилди | Жер агенттиги | ||
"Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кыртыштын шорлонуусун изилдөө программасын иштеп чыгуу | 2025-жылдын III кварталы | Кыртыштын шорлонуусун изилдөө программасы иштелип чыкты жана бекитилди | Жер агенттиги | ||
2 | Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу боюнча системаны институттук жайгаштырууну өнүктүрүү | Бардык деңгээлде кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, акырындык менен көбөйүп жаткан коркунуч катары жердин шор басышына жана шорлонуусуна каршы аракеттенүү багыттары жана коркунучу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу (окуу сабактары, семинарлар, буклеттер ж.б.) | 2024-2028-жылдар | Жер пайдалануучулар үчүн туруктуу негизде кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, акырындык менен көбөйүп жаткан коркунуч катары жердин шор басышына жана шорлонуусуна каршы аракеттенүү багыттары жана коркунучу жөнүндө окуу сабактары, семинарлар өткөрүлүүдө | Жер агенттиги, САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО |
Кыртыш жана агрохимиялык кызмат үчүн адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн алдыңкы агрохимиялык станцияларында жана лабораторияларында стажировкадан өтүү жана тажрыйба алмашуу | 2024-2028-жылдар | Агрохимиялык станциялардын жана лабораториялардын адистери квалификацияны жогорулатуу курстарынан өттү, кыртышты изилдөөнүн заманбап методдорун өздөштүрдү | Жер агенттиги, САЧКӨМ | ||
"Кыргызмамжердолбоорлоо" МИнин алдында Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаңы кыртыштык-агрохимиялык лабораторияларды ачуу жана айыл чарба багытындагы жерлерге андан ары туруктуу мониторинг жүргүзүү жана маалыматтар банкын түзүү үчүн "Кыргызмамжердолбоорлоо" МИнин алдында Жалал-Абад жана Талас облустарында иштеп жаткан кыртыштык-агрохимиялык лабораторияларды күчтөндүрүү. Лабораторияларды заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдуу | 2024-2028-жылдар | Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында кыртыштык-агрохимиялык лабораториялар ачылды, заманбап приборлор жана жабдуулар менен жабдылды. Жалал-Абад жана Талас облустарындагы кыртыштык лабораториялар заманбап приборлор жана жабдуулар менен толуктап жабдылды. Кыртыштык-агрохимиялык лабораториялар айдоо жерлерине мониторинг жүргүзүүнүн жана жер пайдалануучуларга агрохимиялык кызматтарды көрсөтүүнүн алкагында республикада кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалыматтар банкын түзүү боюнча туруктуу иш жүргүзүүдө | Жер агенттиги, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО | ||
Окутуу семинарлары, тренингдер аркылуу инновациялык технологияларды колдонуу маселелери боюнча жер пайдалануучулардын дыйканчылык маданиятын, билим деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу | 2024-2028-жылдар | Жер пайдалануучулар үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн инновациялык технологияларын үйрөнүү жана колдонуу боюнча окуу жана практикалык сабактар, семинарлар, тренингдер туруктуу негизде өткөрүлүүдө. Натыйжа - жер пайдалануучулардын дыйканчылык маданиятын жогорулатуу | Жер агенттиги, САЧКӨМ, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО | ||
3 | Жер фондун кадастрдык баалоо жана жер семирткичтерди негиздүү колдонуу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди кыртыштык жана агрохимиялык изилдөөлөр | Айдоо жерлерине кыртыштагы азыктандыруучу заттардын камтылышы боюнча агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү | 2024-2028-жылдар | Чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчигинин түрүнө карабастан жер участокторуна агрохимиялык изилдөөлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Агрохимиялык талдоолордун натыйжасы боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнөн сапаттуу жана белгиленген түшүмдү алуу максатында органикалык жана минералдык жер семирткичтерди негиздүү колдонуу боюнча сунуштамалар иштелип чыгууда | Жер агенттиги, САЧКӨМ |
Айыл чарба багытындагы жерлердин санариптик картасын жана кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалыматтар банкын түзүү | 2024-2028-жылдар | Агрохимиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча (9-пункт) кыртыштын азыктандыруучу элементтер менен камсыздалгандыгы боюнча агрохимиялык картограммалар түзүлөт. Санариптик агрохимиялык картограммалар жалпы жеткиликтүүлүк үчүн Кыргыз Республикасынын геомаалыматтык жана климаттык маалыматтар порталына жайгаштырылат. Кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалыматтар банкы түзүлөт (тиешелүү маалымат менен дайыма толукталат). Кыртыштын күрдүүлүгүнүн маалыматтарына ылайык аналитикалык мекемелер республиканын азык-түлүк коопсуздугун жана башка максаттарды аткаруу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн болжолдойт | Жер агенттиги | ||
4 | Жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоо | Айыл аймактары, райондор боюнча талааны коргоочу токой тилкелерин калыбына келтирүү жана отургузуу боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу | 2024-2028-жылдар | Жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоо максатында айыл аймактары жана райондор боюнча талааны коргоочу токой тилкелерин калыбына келтирүү жана жаңыларын отургузуу боюнча долбоордук-сметалык документтер иштелип чыкты. Талааны коргоочу токой тилкелери айыл чарба жерлерин биологиялык зыянкечтерден, ашыкча күн радиациясынан, топуракты шамал жана суу эрозиясынан коргоо үчүн түзүлөт, күз-кыш мезгилинде кыртышта нымдуулуктун топтолушун жакшыртууга шарт түзөт, анткени карды кармоо функциясын аткарат | Жер агенттиги, КРП ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО |
5 | Туздуу жана шорлуу жерлерди мелиорациялоо | Туздуу жана шорлуу кыртыштын туздуулугун изилдөөнү жүргүзүү | 2024-2028-жылдар | Туздуу жана шорлуу кыртыштын туздуулугун изилдөө (аныктоо) боюнча иштер жүргүзүлдү, туздуу жана шорлуу кыртыштын тибин, даражасын жана химиялашуусун көрсөтүү менен санариптик картограммалар түзүлдү. Санариптик картограмма жалпы жеткиликтүүлүк үчүн Кыргыз Республикасынын геомаалыматтык жана климаттык маалыматтар порталына жайгаштырылды. Картограммалардын маалыматтарына ылайык туздуу, шорлуу жерлерди мелиарациялоо жана кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгат | Жер агенттиги |
Кыскартуулардын тизмеси
Жер агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
КРП ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрация |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |