Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-марты № 134
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 332 "Чет өлкөлүк валютадагы бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды эсепке алуу тартиби жөнүндө" токтомунун колдонулушун жокко чыгаруу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 332 "Чет өлкөлүк валютадагы бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды эсепке алуу тартиби жөнүндө" токтомунун колдонулушу 2022-жылдын 24-июнунан тартып жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |