Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 14-февралы № 4

 

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө

 

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттикфондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын жана тартибин талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 43-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттикфондунун жерлериндеги 31,55 га сугат жана 162,5 га кайракы жерлерди аукциондун негизинде ижарага 5 жылдык мөөнөт менен берилсин.

2. Жердин шартына жараша аукционго коюлган 11,55 га жердин баштапкы баасы 4000 (төрт миң) сом, 20,0 га жердин баштапкы баасы 12000 (он эки миң) сомго чейин белгиленсин.

3. 162,5 га кайракы жерлердин баштапкы баасы 542 (беш жүз кырк эки) сомдон бекитилсин.

4. Айыл өкмөтүнө караштуу жерлер:

- №1086 контур 0,60 га Стан жанындагы алма бак баштапкы баасы 30 000 (отуз миң) сомдон;

- №1034 контур 0,30 га, №1094 контур 0,30 га жерлердин баштапкы баасы 4 000 (төрт миң) сомдон белгиленсин.

5. Жарандардан түшкөн арыздарды кабыл алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Жунушалиевага милдеттендирилсин.

6. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижарага берүү боюнча келишим түзүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Р.Биримкулов