КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 14-февралы № 7
Сарай курууга уруксат берүү жөнүндө
Кара-Суу айылынын тургуну Самсиев Байызбек Дүйшөновичтин сарай салуу жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 43-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагына караштуу Түз-Ашуу жайлоосундагы тескей бетинде №12-чөйрө сызыгында жайгашкан Секи конуштун жанынан сарай салууга 1000,0 чарчы метр жер участогу убактылуу бөлүнүп берилсин.
2. Жер участогун бөлүп берүү жана курулуучу сарайдын ордун чектеп берүү керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы Жер ресурстары кызматынын Талас филиалына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Р.Биримкулов |