Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 14-февралы № 5

 

2023-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун 2023-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 43-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган акча каражаты 5 758 700 сом төмөндөгүдөй жумшалсын:

 

-Айыл аймагынын ички көчөлөрүн оңдоо иштерине 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты жумшалсын.

-Айыл аймагындагы таштанды таштоочу жайдын иш кагаздарын бүтүрүүгө 230 000 (эки жүз отуз миң) сом акча каражаты каралсын.

-ФАПка чарба буюмдарын алууга жана ремонт иштерине 170 000 (жүз жетимиш миң) сом акча каражаты жумшалсын.

-Таджикистан-Ооган  жоокерлерине 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты жумшалсын.

- Забира апа атындагы бала бакчасына компьютер, оюнчук, чарба буюмдарына алууга 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты жумшалсын.

- Забира апа атындагы бала бакчасына ашкана буюмдарын алууга 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты жумшалсын.

-М.Береналиев атындагы күрөш залдын тренери Э.Базаралиевдин күрөшкө катышкан жаш өспүрүм балдарды алып барып келүүсүнүн иш сапарына 30 000 (отуз миң) 

-Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аскердик эсепке алуу столунун инспектору боюнча адисине форма алууга 20 000 (жыйырма миң) сом, өзгөчө кырдаалдар боюнча машыгуусуна 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты жумшалсын.

-Чоң жол трасса боюнча камера сатып алууга 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты жумшалсын.

-Архивдин документтерин сактоого коробка алууга 10 000 (он миң) сом акча каражаты жумшалсын.

-Карагай орнотуу жана электр чубалгыларын тартууга 575 000 (беш жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты жумшалсын.

-Айыл аймагындагы жакыр, жардамга муктаж, аз камсыз 10 үй-бүлө мүчөлөрүнө 10 000 (он миң) сом субсидия каралсын.

-Китепкананын ар кандай чыгымдарына 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты каралсын.

-А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин ремонтуна, интерактив доскасын алууга 856 000 (сегиз жүз элүү алты миң) сом акча каражаты каралсын.

-Бермет апа атындагы бала бакчасынын ремонт иштерине, чарба, ашкана  буюмдарын алууга 386 000 (үч жүз сексен алты миң) сом акча каражаты жумшалсын.

-КПИ (чөп майдалагыч) алууга 2 046 700 (эки млн кырк алты миң жети жүз миң) сом акча каражаты жумшалсын.

 

2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Эсеналиевага бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп алып берүү жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Р.Биримкулов