Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХIX кезекcиз сессиясы
2023-жылдын 24-февралы № 90/19-28
Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын мэри -Б.А.Чанчаровдун "Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү жөнүндө" кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү маанидеги маселенин башкаруунун тартиби №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жана Орловка шаарынын кеңешинин социалдык жана укук тартиби маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Р.А.Ашымбековага жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |
Орловка шаарынын кеңешинин
2023 жылдын 24-февралындагы
№ 90/19-28 токтомунун
№ 1 тиркемеси
Жергиликтуу маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби
§1. Жалпы жоболор жана терминдер
1 . Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби (мындан ары - тартип) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештердин компетенциясын аныктоочу "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.
2 . Тартип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзүнүн компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.
3. Бул тартипте төмөнкү терминдер колдонулат:
Жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-гиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери;
Компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттердин жыйындысы;
Көзөмөл - ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна, аткаруучуга жүктөлгөн тапырманын аткарылышынын сапатына, белгиленген көрсөткүчтөргө же кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө ба берүү процесси;
Мониторинг жана баалоо – башкару субъектине башкарылуучу объектке эффективдүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объекттин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоо процесси;
Милдеттенме - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүлөр/товарлар, жумуштар. жөлөкпулдар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык- техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин, ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү;
Уюштуруу -жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси;
Ыйгарым укук – мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкаруу функциясы - бул уюмдардын, ишканалардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескоочулук шарттарды түзүүгө байланышкан маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө салуу, контролдоо), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу, циклдик түрдө кайталанып турган аракеттери;
Башкаруу - уюмдун максатына же конкреттүү маселени чечүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан божомолдоо (прогноздоо), пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси;
Кызмат - юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка муктаждыктарын канааттандыруута, алардын конституциялык укуктарын жана коом алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган жергиликтүү өз аллынча башкару органдарынын иш-аракети.
§2. Тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары
4.Тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу,
2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу жана жүзүгө ашыруу,
3) жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг, баалоо жана контролдоо жүргүзүү.
5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды пландаштыруу жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, ошондой эле анын мекемелеринин жана ишканаларынын жылдык иш пландарын иштеп чыгуу алкагында ишке ашырылат.
6. Жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштуруу өзүнө жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аракеттерди камтыйт.
7. Функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй ыраатту иш-чараларды жүзөгө ашырат:
№ l кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт.
№ 2 кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы талдоолордун жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат.
№ 3 кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет.
№ 4 кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат.
№ 5 кадам.
Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен коомдук талкуудан өтөт.
№ 6 кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-милдеттердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, ал төмөнкү чараларды камтыйт:
-
- жергиликтуу маанидеги маселени чечуу боюнча мидеттерди, чараларды •жана •кЫзмат адамдарынын ортосунда
жоопкерчиликти белуштуруу;
кызмат керсетуучуну, иштерди аткаруу учуя подрядчыны тандоо/дайындоо жол-жобосун/процедурасын жургузуу;
корсетулгон кызматтын баасын аныктоо (зарыл болгон учурда);
жарандардын айрым категорияларын кызмат корсетуулер учун акы телеоден жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенсациялык чараларды белгилео (зарыл болгон учурда):
жергиликтуу маанидеги маселени чечууде каржылоо жана материалдык колдоо булактарын аныктоо;
жергиликтуу маанидеги тиешелуу маселени чечууге байланышкан башка чаралар.
9. Ушул эрежелеринин 8-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акт
§3. Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана башкаруу процесстерине катышуусу
10. Бул тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды талкуулоого кеңири тартылат.
11. Жергиликтүү өз алдынча бушкаруу органдары жергиликтүү жамаатка жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана чаралар жөнүндө кеңири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды пайдалануу, шаар/айыл аймагынын веб-сайтына, социалдык тармактарга жана маалымат берүүнүн башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат.
12. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча демилгелөө, милдеттерди жана иш-чараларды талкуулоо процесстерине жарандарды тартуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын демилгелүү топторун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчу топторун түзүү сунушталат.
13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү жамааттын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет.
14. Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жергиликтүү кеңеш тарабынан өз жыйналыштарында каралат.
Орловка шаарынын вице-мэри К.Ч.Мамаев