ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы
2024-жыл 12-март №3
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын кодекстеринин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин Регламентин негиз кылып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин сунушун эске алуу менен кезексиз XXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |