Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-сентябры № 14/06

Туризмди өнүктүрүү максатында иштерди жүргүзүү жөнүндө

Лейлек айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү максатында Лейлек айыл аймагынын Кара-Суу айылына караштуу Кара-Мойнок жайлоосуна эс алуу жайларын куруу тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Лейлек айылдык кеңешинин ХІV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Лейлек айыл аймагынын Кара-Суу айылына карштуу Кара-Мойнок жайлоосуна эс алуу жайларын курууга макулдук берилсин.

 

2. Эс алуу жайын курууга керектүү болгон жер, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын корутундусуна ылайык мыйзамдаштырылып, муниципалдык менчикке катталсын.

 

3. Эс алуу жайлардын курулушуна керектүү иш-кагаздарын даярдап, көзөмөлдөө жагы Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиев тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Т. Мукарамов.