Редакцияот 16.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХX кезекcиз сессиясы

 

2023-жылдын 16-марты № 92/20-28

Жергиликтүү бюджеттин эркин калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Орловка шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы – Л.А.Абасованын маалыматын жана Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    2023-жылдын 01-январына карата 11510,7 миң сом эркин калдыгы төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:

-        ТКЧ: дотациядагы айыл өкмөттөрүнө жардам – 2100,0 миң сом.

-        ТКЧ: жол оңдоого – 6804,8 миң сом.

-        ТКЧ: эмгек акы - 857,9 миң сом.

-        Соц.фондго которуулар - 148,0 миң сом.

-        Балдар аянтчалары – 1000,0 миң сом

-        Башка чыгымдар (“Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасынын документтерин тариздөө, көрктөндүрүү, жашылдандыруу) – 600,0 миң сом.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Т.Э.Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

М.И.Токтакунов