ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХX кезекcиз сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 94/20-28
«Сарбос» СПАсынын директорунун ирригациялык тармактарды муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Сарбос» СПАсынын директорунун ирригациялык тармактарды муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап , Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Сарбос» СПАнын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун ирригациялык тармактарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө өтүнүчү канааттандырылсын.
2. Берилген мүлктүн сапатын жана санын аныктоо боюнча жумушчу комиссия түзүү жагы Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго тапшырылсын.
3. Жумушчу комиссиянын корутундусуна ылайык «Сарбос» СПАсы менен мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы - Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |