Редакцияот 22.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXI кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 22-майы № 102/21-28

Кемин райондук өнүктүрүү фондуна «Подгорное» балдар бакчасынын имаратынын чатырын оңдоо жана Подгорное айылындагы бала бакчанын көмүр кампасын оңдоо» долбооруна 1 073 034 сом өлчөмүндө өтүнмө берүү жөнүндө

Орловка шаарынын мэри - Б.А. Чанчаровдун Кемин райондук өнүктүрүү фондуна «Подгорное» балдар бакчасынын имаратынын чатырын оңдоо жана Подгорное айылындагы бала бакчанын көмүр кампасын оңдоо» долбооруна 1 073 034 сом өлчөмүндө өтүнмө берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кемин райондук өнүктүрүү фондуна «Подгорное» балдар бакчасынын имаратынын чатырын оңдоо жана Подгорное айылындагы бала бакчанын көмүр кампасын оңдоо» долбооруна 1 073 034 сом өлчөмүндө өтүнмө берүүгө макулдук берилсин.

2.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Т.Э. Асанбеков жана Орловка шаарынын мэри - Чанчаров Б.А.

 

 

Төрага

М.И.Токтакунов