Сравнение редакций…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 07-июлундагы № 104/22-28
"Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасы үчүн муздак сууну, канализацияны жана сугат сууну пайдалануу үчүн колдонуудагы тарифти бекитүү жөнүндө
"Орловка суу каналы"муниципалдык ишканасынын директору - Т.А. Тентиевдин "Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасы үчүн муздак сууну, канализацияны жана сугат сууну пайдалануу үчүн колдонуудагы тарифти бекитүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34 беренесин, ошондой эле "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муздак сууну жана канализацияны пайдалануу үчүн колдонуудагы тариф №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сугат суусу үчүн тариф №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - У.Б. Осмоналиевге жана Орловка шаарынын вице мэри – К.Ч.Мамаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |
|
| Орловка шаарынын кеңешинин 2023 жылдын 7-июлундагы №104/22-28 токтомунун №1 тиркемеси |
“Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасына муздак сууну жана канализацияны пайдалануу үчүн колдонуудагы тарифтер
№ | Аталышы | Өлчөө бирдиги
| Муздак сууну пайдалануу үчүн тарифи | Канализациянын тарифи |
1. | Калк | 1 м3 | 9 сом 45т | 12 сом 45т |
2. | Өнөр жай, бюджеттик жана башка уюмдар |
1м3 |
27 сом 69 т |
28 сом 16 т |
Төрага |
| М.И.Токтакунов |
Эскертүү: №2 тиркеменин кагаз түрүндөгү нускасы келип түшкөн эмес.
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 07-июлундагы № 104/22-28
"Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасы үчүн муздак сууну, канализацияны жана сугат сууну пайдалануу үчүн колдонуудагы тарифти бекитүү жөнүндө
(Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 126/26-28 токтомунун редакциясына ылайык)
"Орловка суу каналы"муниципалдык ишканасынын директору - Т.А. Тентиевдин "Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасы үчүн муздак сууну, канализацияны жана сугат сууну пайдалануу үчүн колдонуудагы тарифти бекитүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34 беренесин, ошондой эле "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 126/26-28 токтомуна ылайык күчүн жоготту)