Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги XV сессиясы

2023-жылдын 3-ноябры № 15/04

Коомдук угууну өткөрүү жана депутаттардын калк алдында отчет берүү графигин бекитүү жөнүндө

Лейлек айыл аймагында калк арасында бюджеттик коомдук угууларды өткөрүү жана Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын калк алдында отчет берүү графигин айылдарда өткөрүү күнүн белгилеп, Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Лейлек айыл аймагынын тургундары менен биргеликте бюджеттик коомдук угууну өткөрүү жана Лейлек айылык кеңешинин депутаттарынын калк арасында отчет берүү графиги айылдар боюнча төмөнкүдөй болуп белгиленсин.

 

·       Коргон айылында – 2023-жылдын 11-декабрында  саат 1000;

·       Чоюнчу айылында – 2023-жылдын 11- декабрында  саат 1000;

·       Ак-Терек айылында – 2023-жылдын 12- декабрында  саат 1200;

·       Кара-Суу айылында – 2023-жылдын 13- декабрында  саат 1000;

·       Лейлек айылында – 2023-жылдын 06- декабрында  саат 1400.

 

2.     Айылдык кеңештин ар бир депутаты калк алдында отчет берүүнү жоопкерчилик менен өткөрсүн.

 

3. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4. Токтом айыл өкмөтүнүн веб сайтына жаряланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын этика, мыйзамдуулук, укук, депутаттык иш, мандат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т. Мукарамов