Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХIV кезекcиз сессиясы
2022-жылдын 26-сентябры № 65/14-28
«Орловка шаарындагы Жеңиш паркынын тосмосун оңдоо» жана «Орловка шаарындагы арканын жанындагы гүлбакчага эшикчеси менен тосмо орнотуу жана жашылдандыруу үчүн суу менен жабдуу » долбоорлорун артыкчылыктуу деп табуу жөнүндө
Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровдун Орловка шаарындагы Жеңиш паркынын тосмосун оңдоо, ошондой эле Орловка шаарындагы арка менен гүлбакчанын аймагын жашылдандыруу үчүн суу менен жабдуу жана гүлбакчага эшикчеси менен тосмо орнотуу зарыл болгондугу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Орловка шаарындагы Жеңиш паркынын тосмосун оңдоо», «Орловка шаарындагы арка менен гүлбакчанын аймагын жашылдандыруу үчүн суу менен жабдуу жана гүлбакчага эшикчеси менен тосмо орнотуу» долбоорлору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Орловка шаарынын мэриясы тарабынан бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кемин өнүктүрүү фондуна өтүнмөлөр берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |