ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы
2024-жыл 12-март №4
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансындагы мүлктү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 04.03.2024-жылдагы чыг.№01-19/1040 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансындагы, Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдырахманов көчөсү № 6а дарегиндеги 3500 чарчы метр (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1554) жана Т.Байзаков проспектиси №174 дарегиндеги жайгашкан 68373,0 чарчы метр жер аянттары (идентификациялык номери 3-10-01-0017-1506) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |