ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги XV сессиясы
2023-жылдын 3-ноябры № 15/05
Жер маселелери жөнүндө
Лейлек айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын тургуну Акматов Абдыроптун баласы Акматов Аби каза болгондугуна байланыштуу, Сары-Дөш участогунан ижарага алган жерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу берген арызын талкуулап, Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын тургуну Акматов Абдыроптун баласы Акматов Аби каза болгондугун эске алып, Сары-Дөш участогунан ижарага алган жеринин келишим мөөнөтү токтолусун.
2. Келишим мөөнөтү токтотулган жерге кайрадан ижарага берүү тууралуу жарыя берилип, тооруктун негизинде кайрадан ижарага берилсин.
3. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом айыл өкмөтүнүн веб сайтына жаряланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Исаковго жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Мукарамов |