Загрузка документа…
ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги XV сессиясы
2023-жылдын 3-ноябры № 15/06
Ар түрдүү маселелер жөнүндө
Лейлек айыл аймагына караштуу К. Сабыров атындагы орто мектебинин имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу, имараттан чыгарылган эски жараксыз материалдарды сатууга уруксат берүү тууралуу мектептин директору К. Мурасатовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек айыл аймагына караштуу К. Сабыров атындагы орто мектебинин имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу, имараттан чыгарылган эски жараксыз материалдарды сатууга уруксат берилсин.
2. Материалдарды сатуу үчүн түзүлгөн комиссиянын курамына Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынан Жеенбаева Кымызай менен Исаков Бакытбектер киргизилсин.
3. Сатыкка коюлган матеиралдарга нарк коюуда комиссия курамынын келишими менен нарк чыгарылып, биринчи кезекте мектептин мугалимдери менен кызматкерлерине сатылып, алардан калганы башка жарандарга сатылсын.
4. Сатыкка коюлган материалдардан түшүрүлгөн акча каражаты К. Сабыров атындагы орто мектебинин ата-энелер комитетинин эсеп чотуна түшүрүлүп, ата-энелер менен макулдашуу менен мектептин керектөөсүнө жумшалсын.
5. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом айыл өкмөтүнүн веб сайтына жаряланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Исаковго жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Мукарамов |