Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХV кезекcиз сессиясы
2022-жылдын 14-октябры № 68/15-28
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №284 Жарлыгын ишке ашыруу жана Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №2 “Биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча нускамасын” аткаруу максатында, Орловка шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Г.И.Карагулованын Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамаатынын курултайын өткөрүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамаатынын курултайын (мындан ары - Курултай) 2022-жылдын 5-ноябрына (ишемби), саат 10:00дө, Орловка шаарынын маданият үйүнүндө өткөрүү белгиленсин.
2. Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Курултайга өкүлчүлүктүн чени делегаттардын 50 санында белгиленсин.
4. Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрүнүн жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия:
- 2022-жылдын 21-октябрына чейинки мөөнөттө Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамаатынын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрсүн;
- боло турган Курултай тууралуу Орловка шаарынын мэриясынын калкын маалымдоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзсүн;
- Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын күн тартибинин долбоорун Курултайда бекитүү үчүн иштеп чыксын.
6. Орловка шаарынын мэриясы Курултайды уюштурууга жана каржылоого байланышкан маселелерге көмөк көрсөтсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | М.И.Токтакунов |