Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХV кезекcиз сессиясы
2022-жылдын 14-октябры № 69/15-28
Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер тилкени
кабыл алуу жөнүндө
Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровдун №96 контурундагы Жаңы-Алыш-Орловка жолунун чыгыш жагында жайгашкан жер тилкени Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пункту, 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде,Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №96 контурундагы Жаңы-Алыш-Орловка жолунда түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан аянты 1га жер тилкени Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынсын.
2. “Кадастр” мамлекеттик мекеменин Кемин филиалынан аталган жер тилкеге укук күбөлөндүрүүчү документтери алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.М.Шакировго жана мэриянын жер адиси Т.Н.Темиркановго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |