Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXII кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 07-июлундагы № 107/22-28

 

"Ромашка бакчасы" балдар бакчасынын имаратындагы жылытуу системасын капиталдык оңдоо" долбоорун артыкчылыктуу

деп таабуу жөнүндө

 

Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси - Н.О.Мамырканованын "Ромашка бакчасы” балдар бакчасынын имаратындагы жылытуу системасын капиталдык оңдоо долбоорун ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө маалыматын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    "Ромашка бакчасы" балдар бакчасынын имаратындагы жылытуу системасын капиталдык оңдоо долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.

2.    Орловка шаарынын мэриясы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кемин районун өнүктүрүү фондуна билдирме берсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Т. Э. Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.И.Токтакунов