Редакцияот 23.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги ХХXV1 сессиясы

2024-жылдын 23-марты № 15

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы 2022-жылдын 25-сентябрыдагы № 74 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө.

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө  макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы 2022-жылдын 25-сентябрыдагы № 74 токтомунун 1-бөлүмү төмөндөгү сөздөр менен толукталсын: “Алты-Адыр участогуна даярдалган  2020-жылы №55 сандуу башкы планда каралган №2 мектеп, №3 бала бакча, №12 аптека, №14 ФАП жана 144 турак жай”.

1.     Токтомдун негизинде иш алып барып, кеткен чыгымдарын каржылоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

Ж.Шадыманова