КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги ХХXV1 сессиясы
2024-жылдын 23-марты № 17
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы 2023-жылдын 16-февралындагы №11 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кенешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Дилишатовдун билдирүүсүн эске алып №2 протоколунун негизинде, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы 2023-жылдын 16-февралындагы №11 токтомунун биринчи бөлүмү жокко чыгарылып төмөнкү сөздөр менен толукталсын:
“Алты-Адыр участкасындагы “242863,9м2 жер аянтын “Алты-Адыр” ичүүчү таза суу муниципалдык ишканасына пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин”.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: | Ж.Шадыманова |