Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVI кезекcиз сессиясы
2022-жылдын 18-ноябры № 76/16-28
“Ромашковый сад” бала бакчасынын жылытуу системасын оңдоо” долбоору боюнча дем берүүчү (үлүштүк) грантты кошо каржылоо жана долбоорду артыкчыктуу деп табуу жөнүндө
Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровдун “Ромашковый сад” бала бакчасынын жылытуу системасын оңдоо” долбоору боюнча дем берүүчү грантты кошо каржылоо жана ишке ашыруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ромашковый сад” бала бакчасынын жылытуу системасын оңдоо” долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Дем берүүчү (үлүштүк) грантты кошо каржылоого 2023-жылдын жергиликтүү бюджет долбоорунда 35% өлчөмүндөгү 1 281 440 сом акча-каражат каралсын, 2023-жылы долбоор бекитүүдө жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
3. Орловка шаарынын мэриясы тарабынан бул долбоорду биргелешип ишке ашыруу үчүн финансы Министрлигинин дем берүүчү гранттар боюнча бөлүмүнө өтүнмө берилсин.
4. Долбоор боюнча демилгелүү топ төмөнкү курамда бекитилсин:
Н.О.Мамырканова - Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси - демилгелүү топтун жетекчиси;
Р.А.Ашымбекова-Орловка шаардык кеңешинин депутаты;
Е.А.Костенко - “Ромашковый сад” бала бакчасынын башчысы;
С.Ю.Дмитриева - Аялдар кеңешинин төрайымы;
К.Абдралиев - аксакалдар сотунун төрагасы;
А.Кыргыялиев – тех.көзөмөл;
Е.Ю.Корягина - Орловка шаарынын тургуну;
Ч.Д.Аликеев – Орловка шаарынын тургуну;
В.Астапова - Орловка шаарынын тургуну.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Э.Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |