Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 07-июлундагы № 109/22-28
Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер аянты 18 м² жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө
Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровдун Орловка шаарынын мэриясынын балансына Орловка шаарынын Школьная н/ж көчөсү Москва көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аянты 18 м² жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, "Муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Школьная н/ж көчөсү Москва көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан, аянты 18 м2 жер тилкесин Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынсын.
2. Бул жер тилкесине укукту күбөлөндүрүүчү документтерди Кемин филиалынан "Кадастр"мамлекеттик ишканасынан алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Б.М. Шакировго жана Орловка шаарынын мэри - Б. А. Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |