Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2022-жылдын 08-июлу № 60/12-28
Жер түрлөрү боюнча которууга (трансформациялоого)
макулдук берүү жөнүндө
Орловка шаарынын Ленина көчөсүнүн №132а үйүндө жашоочу Т.И.Беермановдун « “Үч эмчек” капчыгайынан көп жылдык бак-дарактарды отургузууга 6 га жана таштанды полигондун ордуна балык чарба ачуу үчүн 4га жер тилке берүү жөнүндө”» арызын карап жана талкуулап чыгып, инвестицияларды тартуу, аймакты абаттоо жана жумуш ордуларын түзүү максатында, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин эске алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл-чарба багытындагы №187 контурундагы 6га жайыт жерди көп жылдык бак-дарактарды отургузууга жана №182 контурундагы 4га жайыт жерди жасалма көлмө куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Орловка шаарынын кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 55/11-28 токтому жокко чыгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |