Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 07-июлундагы № 110/22-28
“Боом капчыгайындагы стелланы реконструкциялоо жана аймакты көрктөндүрүү " долбоорун артыкчылыктуу деп таабуу жөнүндө
Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси - Н.О.Мамырканованын "Боом капчыгайындагы стелланы реконструкциялоо жана аймакты көрктөндүрүү" долбоорун ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө маалыматын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Боом капчыгайындагы стелланы реконструкциялоо жана аймакты көрктөндүрүү" долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Орловка шаарынын мэриясы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү фонддоруна билдирме берсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Т. Э. Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |