Редакцияот 15.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Раззаков шаарынын кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз ХХХII сессиясы

 

2024-жылдын 15-марты № 3

Раззаков шаардык Кеңешинин штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” №52 токтомунун 5-тиркемесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХII  сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.    Раззаков шаардык Кеңешининне катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү 1 штаттык бирдиги жана айдоочу 1 штаттык бирдиктери бекитилсин

 

2.    Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

Б.Б. Айтемиров