Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айдаркен шаарынын кеңешинин IV чакырылышынын кезекcиз ХХХII сессиясы

 

2024-жылдын 06-марты № 73

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳ» №370 Жарлыгын жана 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу Жобону бекитүү тууралуу» №24  Жарлыгын аткарууга алуу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Айдаркен шаардык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.     Айдаркен шаардык кеңешинин Жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-мартындагы № 01-25/77 буйругунун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.

 

2.     Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Баткен облустук Юстиция башкармалыгынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

 

3.     Айдаркен шаардык кеңешинин жооптуу катчысы юридикалык жак катары кайра каттоо үчүн ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон ѳткѳрсүн.

 

4.     Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.

 

5.     Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын-ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

 

Төрага

А.К.Кожомбердиев

 

 

 

 

 

 

 

«БЕКИТЕМИН»

 Айдаркен шаардык кеңешинин тѳрагасы 

 

                                                                          ____________________ А.К.Кожомбердиев

                                                                          «_____» _____________ 2024ж.

 

Айдаркен шаардык кеңешинин жобосу

 

1.     Жалпы жоболор

 

1. Айдаркен шаардык кеңешинин ушул жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик  каттоо маселелери  боюнча  ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда шаардык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу  үчүн  иштелип чыккан жана  шаардык кеңештин  ишин  жөнгө салат.

2.  Айдаркен шаардык кеңеши – өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде  жүргүзүлүп  жаткан административдик-аймактык реформа мезгилинде  26 жергиликтүү кеңешинин депутаттарынан турган (бириктирген), жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.

3.  Айдаркен шаардык  кеңеши юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.

Шаардык кеңештин расмий аталышы:

-  мамлекеттик тилде  – «Айдаркен шаардык кеңеши»;

- расмий тилде – «Айдаркенский городской кенеш».

Юридикалык дареги: Кыргыз  Республикасы, Баткен облусу, Кадамжай району, Айдаркен  шаары, Пушкин көчөсү, №1

4. Айдаркен шаардык кеңеши өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,  “Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  органдары жөнүндө”,  “Жергиликтүү кеңештердин  депутаттарынын  статусу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.                                                                                                                                                             

5.  Айдаркен шаардык  кеңеши Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарында белгиленген  тартипте муниципалитеттер  аралык жана  эл  аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.

 

 

 

2. Айдаркен шаардык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери

 

6.  Айдаркен шаардык  кеңештин ишинин  негизги  уюштуруучулук-укуктук формасы – сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле шаардык кеңештин регламенти менен аныкталат.

7.  Айдаркен шаардык кеңешинин компетенциясы, шаардык кеңештин төрагасын жана  анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, шаардык кеңештин  төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана  милдеттери,  шаардык кеңештин  ишин  уюштуруучулук жактан камсыз  кылуу  “Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”,  “Жергиликтүү кеңештердин  депутаттарынын  статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана шаардык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.

Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде  шаардык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен  бекитилген  Пилоттук режимде  жүргүзүлүп  жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жободо аныкталган.

 

3. Айдаркен шаардык кеңешинин чечимдери

 

8.  Айдаркен шаардык  кеңешинин чечимдери  токтом  жана буйрук  түрүндө чыгарылат, ага шаардык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.

9.  Айдаркен шаардык кеңешинин  ченемдик укуктук  актылары токтом түрүндө, ал эми  башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү  шаардын аймаганда милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

Айдаркен шаардык кеңешинин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет. Шаардык  кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

10.  Айдаркен шаардык  кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын  чегинде кабыл  алынган чечимдерин шаардык кеңештин төрагасынын  буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.

Айдаркен шаардык кеңештин  төрагасынын  буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

11. Айдаркен шаардык кеңешинин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

4. Айдаркен шаардык кеңешине келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

12. Айдаркен шаардык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар шаардык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

13. Айдаркен шаардык кеңешинин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.

 

5. Корутунду жоболор

 

14.  Айдаркен шаардык кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн  мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган  учурларда  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.

15. Айдаркен шаардык кеңеши мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана  документтердин  сакталышы үчүн  жоопкерчилик  айыл өкмөтүнүн  башчысына жүктөлөт.  Шаардык кеңештин документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду  жөнүндө” Мыйзамга ылайык сакталат.

 

 

 

Тѳрага:                                                                      А.К.Кожомбердиев